Кыргызстандын балбан кыздары ири эл аралык турнирлерге даярданып жатат

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүУниверсиада.9-й день. Вольная борьба
Универсиада.9-й день. Вольная борьба - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балбан кыздар Индияда өтө турган Азия чемпионатына жана Азербайжандагы Ислам оюндарына даярдык көрүшүүдө.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аялдар арасындагы күрөш боюнча курама командасы ири эл аралык турнирлерге Чолпон-Ата шаарында даярданып жатышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин сайтында жазылган.

Маалыматка караганда, балбан кыздар Индияда өтө турган Азия чемпионатына жана Азербайжандагы Ислам оюндарына даярдык көрүшүүдө.

Кыргызстандын курама командасы:

  • Айсулуу Тыныбекова
  • Айпери Медет кызы
  • Назира Марсбек кызы
  • Мээрим Жуманазарова
  • Нураида Анаркулова
  • Калмира Билимбек кызы
  • Айбике Артыкалы кызы
  • Бермет Нурланбек кызы
  • Мадина Надирова
  • Айсалкын Кожомкул кызы
  • Саяна Байызова
  • Айжан Сабырбек кызы
  • Кымбат Канат кызы
  • Бурулай Даниель кызы
  • Жаркынай Нурлан кызы
  • Розалия Тилегенова
  • Дильноза Курманбек кызы.

Белгилей кетсек, курама команданын командировкасын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги каржылап, жалпы 591 миң сом сарпталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0