Кыргызстанга легендарлуу шахматчы Анатолий Карпов келет

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүОткрытие XIX Всемирного русского народного собора
Открытие XIX Всемирного русского народного собора - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шахмат таажысын 10 жыл бою кийип жүргөн Карпов Кыргызстанга шахмат спортун жайылтуу максатында келмекчи.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанга шахмат боюнча дүйнөнүн 12-чемпиону Анатолий Карпов эртең, 25-март күнү келе турганын V Sport спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 68 жаштагы гроссмейстер ардактуу конок катары президенттин кубогу үчүн ат салышкан балдар турниринин жеңүүчүлөрүн сыйлайт.

"Өлкөдө шахматты жайылтуу жана өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунга бул жаатта түрткү берүү максатында, ошондой эле мелдештин деңгээлин эске алып, Анатолий Карпов келүүгө макулдугун берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпановдун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, Карповдун сапары шахматты өнүктүрүүгө чоң өбөлгө болот.

Анатолий Карпов советтик жана россиялык шахматчы, шахмат боюнча дүйнөнүн он экинчи чемпиону, бир катар абройлуу турнирлердин жеңүүчүсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0