Темур беш жашынан тартып эле спортко аралаша баштаган. Учурда ал "Стоун Файт" деп аталган спорт клубунда бразилиялык Валсио Сенно аттуу машыктыруучунун колунда тарбияланууда.
"Спорт залга эки күндө бир жолу барам. Ал жерде жалгыз кыргызмын. Ошон үчүн да машыктыруучум мага башкача мамиле жасап, эрке баласындай болуп калгам. Дем алыш күндөрү атам экөөбүз бул жактагы кыргыздардын "Жаш күч" спорт клубуна да барып турабыз", — деди Айтназаров.
Ал жаш экенине карабай бир нече медалдарды багындырган. Азырынча Россиянын ичиндеги турнирлерге гана катышып келет. Мелдештерге барганда кеткен чыгымдарды да спорт клуб өзү төлөп берет экен.
"Спорттун грэпплинг түрүнөн Санкт-Петербург шаарынын 4, жоокердик самбодон 3, ошондой эле Ленинград облусунун да 3 жолку чемпиону болгом. Ал эми жиу-житсу боюнча Карелия республикасынын 2, Ярославль облусунун 1 жолку чемпиондугун жана коло байгени багындыргам. Москвада өткөн Россиянын чемпиондугунда грэпплинг боюнча баш байгеге жана экинчи, үчүнчү орундарга жетишкем. Учурда май айында Москвада өтө турган эл аралык турнирге даярданып жатам", — деди жаш спортчу.
Мындан сырткары да бир нече байгелерди багындырып, жалпы жонунан 27 медалга ээ болгон. Ошону менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы айрым мелдештерге кыргызстандык "Жаш күч" спорт клубунун атынан катышып турарын билдирди.
"Окуган мектебимде дагы менден башка кыргыз жок. Бирок классташтарымдын баары менен досмун, мектептин дубалдарында дагы медалдарым илинип турат. Түштө окуудан келип, кайра эле спорт залга кетем. Үйүбүздүн да бир бөлмөсүн машыгуу залы кылып алганбыз. Келечекке койгон максатым — Кыргызстандын намысын коргоп Олимпиада чемпиону болуу!" — деп ал сөзүн жыйынтыктады.
Жаш спортчунун апасы Айша Таирова баласы үйдө машыгып жатканда далай жолу коңшуларынан даттануулар болгонун айтат.
"Биз көп кабаттуу үйдө жашагандыктан коңшуларыбыз "тынчтык бербейт экенсиңер" деп арызданып келе беришчү. Кийин Темур турнирлерден медалдарды алып келгенин көрүп унчукпай калышты. Эми үйдө да кеңири машыга беришет", — деди апасы.
Таирова баласы алгачкы жолу байге утканда сүйүнгөн сезимдери алиге чейин көз алдында турарын белгилейт.
"Темур эң биринчи шаардын чемпиондугуна жетишкенде, тим эле дүйнөнү багындыргандай кубанганбыз. Ал медалын дубалга илип койсок, "апа, мен алтын уттум, муну сатып сизге шуба алып берейинби?" деп, чоң атасына да чалып "сизге машина алып берем" деп кубанткан. Анан көңүлүн калтырбайлы деп муну сатса болбойт, эстеликке сактап коюш керек деп койгонбуз", — деди Таирова.Ал эми атасы Сардарбек Сайыпов Темурдун спортко кызыгуусу табиятынан экенин билдирди.
"Балабыздын эң күчтүү күйөрманы — чоң атасы. Ар бир ийгилигине кубанып, небереси менен сыймыктанып дем берип турат. Чоң атасы өзү да спорт менен машыккан киши. Мен да бул жактагы залдарга барып турам. Темурга колубуздан келишинче шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз. Эркек баланын тың болгону жакшы. Андыктан балдарды спорт менен машыккыла дээр элем", — деди Сайыпов.
Темур Айтназаров Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылында туулган. Эки бир тууган. Ата-энеси 2008-жылдан бери Санкт-Петербург шаарында эмгектенет.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
Эң байлардын тизмесинде дагы деле Amazon интернет-ритейлердин башкы директору Жефф Безос көч баштоодо. Анын байлыгы бир жыл ичинде 64 миллиард долларга көбөйгөн. Учурда анын мүлкү 177 миллиард долларды чапчыйт.
Tesla компаниясынын ээси, жеке ишкер Илон Маск экинчи сапта турат. Өткөн жылы анын компаниясынын акциялары 720 пайызга кымбаттап, рейтингдеги 31-катардан дароо экинчиге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.LVMH мода үйүнө үй-бүлөсү менен ээлик кылган Бернар Арно үчүнчү сапка жайгашып, мүлкү 150 миллиард долларга бааланууда. Эскерте кетсек, россиялык супермодель Наталья Водянова Бернардын уулу Антуан Арнонун жубайы болот.
Рейтингге бардыгы болуп 2 755 миллиардер кирген. Алар былтыркыдан 660 кишиге көбөйгөн. Миллиардерлердин мүлкү жалпы жонунан 13,08 триллион долларга бааланууда. Бул рекорддук көрсөткүч.
Планетанын эң бай адамы Жефф Безос 2018-жылы Вашингтондо өткөн экономикалык клубдун жыйынында сүйлөп жаткан учуру
Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск автоунаанын жанында турат. 2020-жылы ал дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде болуп көрбөгөндөй секирик жасаган
Рейтингде үчүнчү сапта LVMH мода үйүнө ээлик кылган Бернар Арно жана үй-бүлөсү турат. Сүрөттө: Бернар Арно өмүрлүк жары, уулу Антуан жана келини россиялык супермодель Наталья Водянова
Microsoft компаниясын негиздеген Билл Гейтс 124 миллиард доллар мүлкү менен төртүнчү орунда турат. Ал жубайы менен дүйнөдөгү эң ири кайрымдуулук фондду жетектешет. Мындан сырткары, АКШнын 19 штатында дыйканчылык жерлери бар
Бешинчи сапты Марк Цукерберг ээлеген. Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн мүлкү 97 миллиардды чапчыйт
Уоррен Баффеттин байлыгы Цукербергдикинен бир миллиард долларга аз. Ал белгилүү Berkshire Hathaway инвестициялык мекемеге жетекчилик кылат. Уюм 60тан ашык компаниянын үлүшүнө ээлик кылат
Миллиардер Ларри Эллисондун негизги кирешеси Oracle компаниясынан түшөт. Мекеме программалык камсыздоо менен алектенет. Эллисондун мүлкү 93 миллиард доллар деп бааланат
Ларри Пейж менен Сергей Брин дүйнөдөгү эң популярдуу Google издөө системасын иштеп чыгышкан. Байлардын тизмесинде сегизинчи катарда турган Ларри Пейждин мүлкү 91,5 миллиард доллар
Сергей Бриндин 89 миллиард долларлык мүлкү бар. Анын атасы 1977-жылы Советтер Союзунан жер которуп кеткен
Индиялык Мукеш Амбани ааламдагы эң байлардын тизмесиндеги алдыңкы ондукка кирген азиялык жалгыз өкүл. Ал ири мунай компаниясынын акционери болуп саналат. Мындан сырткары, 4G-интернет кызматын көрсөтүүчү компанияга ээлик кылат
Inditex корпорациясын негиздеген испаниялык Амансио Ортега 11-сапта турат. Ал бир катар дүйнөлүк бренддерди башкарат, алардын эң атактуусу – Zara
Франсуаза Беттанкур-Майерс L'Oreal косметикалык бизнес-империясын негиздеген адамдын небереси болуп саналат
Кытайлык Чжун Шаньшань суусундук чыгаруучу компанияга жана медициналык корпорацияга ээлик кылат
Microsoft компаниясынын мурдагы башкы директору Стив Балмер рейтингде 14-сапта
Ма Хуатэн Tencent Holdings интернет-холдингге ээлик кылат. WeChat мессенжери дал ушул уюмга таандык. Кытайлыктын ошондой эле дүйнөдөгү башка ири долбоорлордо да үлүшү бар.