Жаш дзюдочулар Казакстанда өтүүчү турнирге катышат

Жазылуу
Мелдеш Казакстандын Талдыкурган шаарында 27-марттан 30-мартка чейин уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жаш дзюдочулары Казакстанда өтө турган жаштар аралык ачык республикалык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин сайтында айтылды.

Ош шаарында бүгүн ITF таэквондо боюнча шаардын ачык биринчилиги өтүп, ага 150 чукул спортчу катышты - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы ITF таэквондо боюнча биринчиликке 150гө жакын спортчу катышты
Билдирүүгө ылайык, мелдеш Казакстандын Талдыкурган шаарында 27-марттан 30-мартка чейин өтмөкчү.

Турнирге Кыргызстандын атынан Ишен Аманов, Баяман Сагынбай уулу, Доолотбек Таалайбек уулу, Эртур Турдубаев, Эрлан Шеров, Бексултан Султанов, Богдан Филипов, Асман Акылбек уулу, Атай Мирлан уулу, Темирлан Исмаилов катышат. Машыктыруучусу — Азамат Жасыбаев.

Белгилей кетсек, курама команданын катышуусу үчүн 138 миң сом бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0