КР футзалчыларынын Азиянын клубдук биринчилигине катышуусуна жол ачылды

© Фото / пресс-служба ФФКРЧемпионат Азии по футзалу
Чемпионат Азии по футзалу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жетишкендиктер футзал боюнча өлкө чемпионатына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин жаралган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футзалчылары Азия футбол конфедерациясынын (AFC) клубдук чемпионатына чакырыларын Футбол федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Футбол. РФПЛ. Матч Рубин (Казань) - Терек (Грозный) - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги Кыргызстан — Макао футболдук оюнун сириялык калыс тейлейт
Биринчилик ушул жылдын жай айларында Вьетнамда өтөт. Ата мекендик футзалга өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн кийин гана бул сыяктуу иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эми өлкөнүн мыкты командасы Азиянын күчтүү командалары менен күч сынаша алат.

Маалыматка караганда, аталган оюнга демөөрчүлөр тартылып, биринчилик теледен көрсөтүлө баштады. Ошондой эле командалардын саны көбөйүп, өспүрүмдөргө өзгөчө көңүл бурулуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0