БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбор калаада Анатолий Карповдун шахмат академиясы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков шахмат боюнча эркектер арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Анатолий Карпов менен жолукту.
Россиялык спортчу ишемби күнү шахмат боюнча КР президентинин кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышкан.
"Сизди кумир туткандар абдан көп, шахматты баалагандар үчүн тирүү легендасыз. Сизди Бишкектен тосуп алып жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздин келишиңиз жаш шахматчыларга дем-күч берди", — деди Жээнбеков.
Карпов андан сырткары КР шахмат федерациясы менен биргеликте Бишкекте автордун шахмат академиясын ачуу боюнча иштер аткарылып жатканын кошумчалады.
Жээнбеков дагы Бишкекте Анатолий Карповдун шахмат академиясын ачууга жардам берерин билдирди.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мушкерлер UFC уюмунун чемпиондук куруна татыктуу экенин чындап көрсөтө алышса октагонго кайтам. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов лиганын президенти Дана Уайтка билдиргенин Eurosport жазды.
Ишемби күнү Уайт менен Нурмагомедов жабык эшик артында сүйлөшүштү. UFC башчысынын айтымында, ага Хабиб спортто жетиштүү ийгиликти багындырганын, кайра кайтууга шык бере турчу деле нерсе жок экенин билдирген. Бирок ал Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин, Дэн Хукер менен Майк Чендлердин кармашына көз саларын белгилеген.
"Жеңил салмактагы ушул беттештерди көрөйүн деп күтүп жатам. Балдар кызыктуу кармаш тартуулап, мага чыныгы атаандаш экенин көрсөтө алышса сегиз бурчтукка кайтам", — деген Нурмагомедов.Россиялык мушкер октябрда америкалык Жастин Гэтжини утуп, үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Беттештен кийин 32 жаштагы Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салган. Кийинчерээк UFC президенти Дана Уайт бир нече жолу Хабибдин октагонго кайра чыгарын ишенимдүү айткан.
Нурмагомедов дагы UFC жетекчиси анын октагонго кайтышын каалап, улам-улам мыкты шарттарды жана жаңы атаандаштарды сунуштап жатканын билдирген.
Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.
Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.