БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандык Дастан Абдрахманов Түштүк-Сахалин шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште чемпион аталды. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, мелдеш 17-18 жаштагы өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн.
"Спорттук мелдешке сегиз аймактан 90го чукул катышуучу келип, алардын ичинен кыргызстандык Дастан Абдрахманов чемпион болду. Иш-чараны көргөнү Сахалин облусунун губернатору, Түштүк-Сахалинск шаарынын мэри жана башка бийлик өкүлдөрү келген ", — деп жазылат маалыматта.
Беттеште алдыңкы орунга чыккан эки спортчу апрель айында Оренбургада өтө турган бүткүл россиялык биринчиликке барат.