Кыргызстандык команда макаолук атаандаштарын утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековОтборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао
Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү. Бул Кыргызстандын командасы үчүн Азия кубогу-2019 турниринин тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеш.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы макаолук атаандаштарын 1:0 эсебинде утуп алды. 

LIVE: Матч Кыргызстан — Макао в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүзө киргизилген гол. Кыргызстандык команда атаандашын кантип утту
Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул Кыргызстандын командасы үчүн Азия кубогу-2019 турниринин тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеш.

Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар бир топ оңтойлуу учур түзүлгөнүнө карабастан, топ киргизе алган эмес. Экинчи таймда чабуулун улантып, 72-мүнөттө Азамат Байматов абадан келе жаткан топту башы менен сүзүп дарбазага киргизген.

Кыргызстандын курама командасы квалификациялык оюндарда Индия, Мьянма жана Макао мамлекеттеринин командалары менен А тайпасына туш келген. Ар бир тайпадан мыкты деп аталган команда Араб Эмирлигинде өтө турган турнирдин финалдык беттешине жолдомо алат. 12 команда буга чейин финалга чыккан 12 командага кошулмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0