Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатына жолдомо алуу үчүн ат салышат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдочу. Архив
Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия чемпионаты май айында Кытайда өтөт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын он балбаны дзюдо боюнча Түркияда өтө турган Гран-при мелдешине катышат. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык команда макаолук атаандаштарын утуп алды
Маалыматка ылайык, Анталия шаарында 7-9-апрелде өтө турган мелдешке өлкөнүн дзюдо курама командасы 10 спортчусу жана башкы машыктыруучусу менен барат. Балбандарга Дзюдо федерациясы менен спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция каржылык колдоо көрсөтөт.

Аталган мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Гонг-Конг шаарында 26-майдан 28-майга чейин өтө турган Азия биринчилигине жолдомо берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0