Сүйүнчү! Кыргызстан дагы бир Олимпиада медалына ээ болду

© AP Photo / Ed WrayОлимпийские игры в Пекине
Олимпийские игры в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендүүлүк алган жылдары кыргызстандык спортчулар Олимпиадалардан эки коло жана бир күмүш медаль алышкан.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстан дагы бир олимпиадалык медалга ээ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов билдирди.

Анын айтымында, бейшемби күнү Күрөш бириккен дүйнөсүнөн 2008-жылы өткөн Олимпиаданын күмүш байге ээси украиналык спортчу Виталий Федоришинден допинг табылганы тууралуу маалымат келген. 

“Ал медалынан кол жууп, жылышуу болот. Эми күмүш медаль япониялык спортчу Кеничи Ямотого өтүп, коло медаль кийинки орунда турган кыргызстандык Базар Базаргуруевге берилет. Эми Эл аралык олимпиада комитетинин реакциясын күтүп жатабыз. Натыйжада Кыргызстандын куржуну дагы бир медаль менен толукталып, төртөө болуп калды”, — деди Эргешов.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова дүйнөдөгү эң мыкты беш балбандын катарына кирди
Эркин күрөш боюнча балбан Базар Базаргуруев 2008-жылкы Олимпиадада бешинчи орунду ээлеген. Чейрек финалда Федоришинден утулуп, коло медаль үчүн беттешке жеткенден кийин Кеничи Юмотодон жеңилип калган.

Эгемендүүлүк алган жылдары кыргызстандык спортчулар Олимпиадаларда эки коло, бир күмүш медаль тагынышкан. Биринчи болуп 2000-жылы Сидней Олимпиадасынан дзюдочу Айдын Смагулов коло медаль алып келген. Сегиз жылдан кийин Пекинде грек-рим күрөшү боюнча Канатбек Бегалиев күмүш, ал эми Руслан Түмөнбаев коло медалга ээ болгон.

Эми 2008-жылкы Олимпиададан Кыргызстандын эсебинде үч медаль болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0