Кыргызстандык спортчулар снукер боюнча Азия биринчилигине катышууда

© AP Photo / Aijaz RahiСоревнование по снукеру
Соревнование по снукеру - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия биринчилиги Индияда өтүп, ага 21 жашка чейинки спортчулар катышууда.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Индиянын Чандигарх шаарында өтүп жаткан снукер боюнча Азия биринчилигинде эки кыргызстандык спортчу — Мухамед Каримберди уулу менен Калысжан Сагыналиев катышууда. Бул тууралуу Бильярд боюнча Азия конфедерациясынын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, турнир 7-апрелде башталып, бир аптага созулат. Анда 21 жашка чейинки спортчулар күч сынашууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0