БИШКЕК, 11-Апр. — Sputnik. Чолпон-Атадагы ипподромдо ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Спорттук иш-чара №54 ат заводунун 90 жылдыгына карата уюштурулуп, 13-15-апрель күндөрү болот.
Ат оюндарынын программасы
- 13-апрель 9.00-18.00 — көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш боюнча тандоо туру;
- 14-апрель 9.00-18.00 — көк бөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш боюнча тандоо туру;
- 12.15-13.00 "Ат заводдун тарыхы" тасмасынын бет ачары, директордун доклады;
- 15-апрель 9.00-9.30 — ат заводдун тарыхын чагылдырган театрлаштырылган көргөзмө;
- 9.30-9.50 — иш-чаранын расмий ачылышы;
- 9.50-10.00 — кыз куумай;
- 10.00-10.15 — тай чабыш (2 400 метр);
- 10.15-10.30 — кунан чабыш (1 200 метр);
- 10.30-10.45 — ат чабыш (1 600 метр);
- 10.45-11.00 — ат чабыш (2 000 метр);
- 11.00-11.15 — кунан жорго (4 400 метр);
- 11.15-11.35 — бышты жорго (6 600 метр);
- 11.3-11.55 — кунан чабыш (8 800 метр);
- 11.55-12.20 — топ байге (13 200 метр);
- 12.20-12.40 — жорго салыш (8 800 метр);
- 12.40-13.10 — аламан байге (18 000 метр);
- 13.10-13.30 — концерттик программа жана жигитовка;
- 13.30-15.30 — көк бөрүнүн финалы;
- 15.30 — иш-чаранын жабылышы.
Спорттук иш-чаранын максаты ат оюндарын өнүктүрүү болуп саналат.