"Ювентус" "Барселонанын" таш-талканын чыгарды

© REUTERS / Alessandro Bianchi LivepicЛига чемпионов УЕФА. Ювентус против Барселоны
Лига чемпионов УЕФА. Ювентус против Барселоны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жооптуу оюн 19-апрелде Испанияда өтөт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык оюнунун алкагында италиялык "Ювентус" өз талаасында Испаниянын "Барселона" командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Кубок Лиги Чемпионов УЕФА - Sputnik Кыргызстан
Чемпиондор лигасынын чейрек финалына чыккан командалардын каршылаштары аныкталды
Эсеп оюндун жетинчи мүнөтүндө эле ачылып, Пауло Дибала "Ювентустун" пайдасына алгачкы топту киргизди. Андан соң 22-мүнөттө дагы бир гол жаратып, биринчи тайм 2:0 эсеби менен аяктады. Оюндун экинчи жарымында "Ювентус" командасынын коргоочусу Жорджо Кьеллини башы менен гол киргизип, натыйжада аталган команда жеңишке жетти.

Эске сала кетсек, "Барселона" оюндун 1/8 финалында франциялык "Пари Сен-Жермен" командасынан 4:0 менен жеңилип, кайра Испаниядан 6:1 эсеби менен утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0