Мюнхенде "Бавария" менен "Реал Мадрид" беттешинде коопсуздук чаралары күчөтүлөт

© AP Photo / Martin MeissnerГерманиянын полиция кызматкерлери. Архив
Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки команданын беттиши Бишкек убактысы боюнча түнкү 12:45те болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Дортмунддагы жардыруудан улам Мюнхен шаарынын полициясы Чемпиондор лигасынын алкагында ойноло турчу "Бавария" менен "Реал Мадрид" беттешинде коопсуздук чараларын күчөтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Sueddeutsche Zeitung басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

"Бавария" менен "Реал Мадрид" командаларынын беттиши Бишкек убактысы боюнча түнкү 12:45те болот.

"Оюн учурунда коркунуч болот деген бизде эч кандай маалымат жок. Ага карабастан коопсуздук чаралары күчөтүлөт", — деп полициянын өкүлү айткан.

Лига чемпионов УЕФА. Ювентус против Барселоны - Sputnik Кыргызстан
"Ювентус" "Барселонанын" таш-талканын чыгарды
Белгилей кетсек, 11-апрелде Германиянын Дортмунд шаарында Чемпиондор лигасынын чейрек финалында "Боруссия" менен "Монако" командалары ойношу керек болчу. Бирок оюнга бир саат калганда стадионго келе жаткан "Боруссия" командасынын автобусунун жанында жардыруу болгон. Андан футболчу Марк Бартра менен оюнчуларды коштоп бараткан полициянын өкүлү жаракат алган. Мындан улам оюн 12-апрелге жылдырылган. Аталган командалардын беттеши Бишкек убактысы 10:45те башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0