Чолпон-Атадагы ат оюндарынын байгесине жети автоунаа коюлду

© Фото / пресс-служба ГАФКиС при ПКРЧолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан ат оюндарынын байгесине жети унаа коюлду
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан ат оюндарынын байгесине жети унаа коюлду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукум мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата өтүүдө.

ЧОЛПОН-АТА, 14-апр. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан ат оюндарынын байгесине жети унаа коюлду. Бул тууралуу уюштуручулар кабарлашты.

Финальные соревнования по кок бору ко дню Нооруза на ипподроме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Тай казанга ыргытылган улактар. Көкбөрүчүлөрдүн кармашы
Маалыматка ылайык, 13-апрелде башталган турнирде учурда көк бөрү, кыргыз күрөш боюнча мелдештер өтүүдө. Ага жалпы 1 миллион 100 миң сом байге коюлду. Андан сырткары, ат оюндарына беш жана эр эңиш менен кыргыз күрөшкө бирден машина берилет.

Азыркы учурда көк бөрү оюнунун үчүнчү жана төртүнчү орундары үчүн "Белек Ата" менен "Ысык-Көл" командалары ат салышууда. Көк бөрү оюндарына Ысык-Көл облусундагы сегиз команда катышып жатат.

Ошондой эле спорттук иш-чарага Казакстандан да чабандестер чакырылган.

Мелдеш "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукумдуу мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0