Чолпон-Атадагы ат оюндарына Казакстандан он аргымак келди

Жазылуу
Анда кунан чабыш, тай чабыш, жорго салыш өңдүү ат оюндарынын 10 түрү боюнча мыктылар аныкталат. Аталган оюндардын байгесине беш автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлду.

ЧОЛПОН-АТА, 15-апр. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы ат оюндарында 150 аргымак жарышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан ат оюндарынын байгесине жети унаа коюлду - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы ат оюндарынын байгесине жети автоунаа коюлду
Маалыматка ылайык, 15-апрелде өтө турган мелдешке катышуу үчүн 150 аргымак катталды. Алардын арасында Казакстандын он аргымагы бар.

Анда кунан чабыш, тай чабыш, жорго салыш өңдүү ат оюндарынын 10 түрү боюнча мыктылар аныкталат. Аталган оюндардын байгесине беш автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлду.

Бүгүн көк бөрү жана эр эңиш оюндарынын финалы болот.

Спорттук иш-чара "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукум мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0