Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченконун архивдик сүрөтү

Антонина Шевченко дүйнө чемпиондугу үчүн швециялык спортчу менен мушташат

235
(жаңыланган 10:46 16.04.2017)
Эки спортчу кыздын беттешүүсү турнирдин олуттуу бөлүктөрүнөн болмокчу.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко муай-тайдын WMC жана Phoenix FC версиясы боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн ат салыша турганы Мушкерлердин эл аралык уюмунун Twitter баракчасына жарыяланды.

​Кыргызстандык спортчу дүйнө чемпиону, швециялык Иса Таблад Кескикангас менен беттешет.

​Мелдеш 29-апрель күнү Ливандын борбору Бейрут шаарында өтөт. Эки спортчу кыздын беттешүүсү турнирдин олуттуу бөлүктөрүнөн болмокчу. 

Иса Таблад Европанын эки жолку чемпиону, Түндүк Европа биринчилигинин жеңүүчүсү жана Швециянын үч жолку чемпиону болуп саналат.

235
Белгилер:
муай-тай, Антонина Шевченко, Бейрут
Тема боюнча
Антонина Шевченконун атаандашы мелдеш алдында алмашып кетти
Валентина Шевченко UFC рейтингинде мыкты экенин дагы бир жолу далилдеди
Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт. Архив

Уайт: Нурмагомедов Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот

102
(жаңыланган 20:10 21.10.2020)
Азырынча эң ири беттеш катары Нурмагомедов менен Макгрегордун беттеши саналууда. Кармаштын түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын (UFC) президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжи кармаш промоушендин тарыхында эң ири беттеш болорун белгиледи. Бул тууралуу ал TMZ Sports маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" спорттук жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

"Бул ири беттеш экени көп күттүрбөй эле маалым болот. Кармаштын эртесинде, дүйшөмбү күнү эле биз буга күбө болобуз. Көпкө созулбайт, бейшемби күнү эмес, жума күнү да эмес, беттештен кийинки эле дүйшөмбү күнү...",  — дейт Уайт маегинде.

Эң мыкты ыкмалары камтылган! Хабибдин турнир алдындагы проморолиги чыкты

Анын маалыматы боюнча, Нурмагомедов — Гэтжи таймашына кызыккандардын саны күн сайын арбып баратат. Уайт бул беттеш акы төлөнүүчү трансляциялардын сатылганы боюнча UFC уюмунун рекордун жаңыртат деп күтүлгөнүн билдирет. Бул жаатта азырынча эң алдыңкы көрсөткүч Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун беттешине таандык. 2018-жылдын октябрь айында жеңил салмактын чемпиондугу үчүн болгон кармаштын түз алып берүү укугун 2,4 миллион колдонуучу сатып алган.

Эскерте кетсек, бүгүн бул титулдук беттештин алдындагы маалымат жыйын өтөт.

102
Белгилер:
трансляция, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Ооруга карабай... Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашына эл келиши мүмкүн
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик
Реслингтин мушкерлери

Мексикалык реслер оюн учурунда жүрөгү кармап мерт болду. Видео

147
26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулап жан берген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Мексикалык реслер, "Үлпүлдөк ханзаада" каймана аты бар Луис Анхель Салазар рингде оюн учурунда жүрөгү кармап каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​26 жаштагы спортчу адегенде бир катар натыйжалуу ыкмаларды жасаган. Кийин атаандашынын удаа-удаа соккуларына кабылып, кокусунан эле рингге кулаган. Оюндун катышуучулары аны кезектеги аракеттерди жасап жатат деп ойлоп, беттешти уланта беришкен.

Нокауттан комага түшүп калган боксчу каза болду

Рингдеги калыс муну байкап калып, дароо оюнду токтоткон. Заматта келген тез жардам тобу да Салазардын өмүрүн сактап кала алган эмес.

Промоушен жана бул жааттагы кесиптештери спортчунун үй-бүлөсүнө көңүл айтышкан.

Реслинг — театралдаштырылган спорттук шоу.

147
Белгилер:
өлүм, беттешүү, мушкер, Мексика
Тема боюнча
Сулата тээп... UFC мушкеринин укмуштуудай нокаутунун видеосу
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт