Этникалык кыргыз баскетбол боюнча Кытайдын чемпиону болду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Снимок с социальной сети Facebook пользователя Женни Жениш Кызы. Этнический кыргыз Кыраанбек Макен уулу
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Женни Жениш Кызы. Этнический кыргыз Кыраанбек Макен уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үрүмчү шаарынын атынан чыгып жаткан команда 2016-2017-жылдын аралыгында 38 оюнга катышып, 32 ирет жеңишке жетишкен.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Этникалык кыргыз Кыраанбек Макен уулу башында турган Xinjiang Flying Tigers деп аталган баскетбол командасы Кытайдын чемпиону аталды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.

“Бул учурду биз 15 сезон бою күткөнбүз, минтип кыялыбыз орундалды. Кытай баскетбол ассоциациясынын чемпионатын акыры жеңдик”, — деп жазылат сайтта.

Үрүмчү шаарынын атынан чыгып жаткан команда 2016-2017-жылдын сезонунда 38 оюнга катышып, 32 ирет жеңишке жетишкен.

Бул команданын башкы атаандашы болуп чемпион титулун 7 ирет багынткан Guangdong Southern Tigers командасы эсептелип келген. 7-апрелде өткөн финалдык беттеште Кыраанбек Макен уулу жетектеген команда атаандашын 117:109 эсеби менен жеңип алды.

Кыраанбек Макен уулу оюн талаасына 13-номер менен чыгып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0