"Алай" клубунун оюнчусуна эки миң доллар айып салынды

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар беттеш учурунда. Архив
Футболчулар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыптан сырткары, оюнчу эки беттешке чыгуу укугунан ажыратылды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Алай" футбол клубунун жарым коргоочусу Муролим Ахмедовго эки миң доллар айып салынып, эки беттештен четтетилди. Бул тууралуу КРдин футбол Лигасы кабарлады.

Чечим Азия футбол конфедерациясынын дисциплинардык комитети тарабынан кабыл алынган. Спортчу "Алай" клубу менен "Дордойдун" беттеши учурунда Марат Аджиниязовго карата орой ойногондугу үчүн айыпка жыгылган.

Белгилей кетсек, Ахмедов "Топ-Лига — 2016" чемпионатында "мыкты гол" номинациясын жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0