Чабуулчу Лионель Месси Барселона жана Реал Мадрид беттешинде гол киргизгендег кийин

Мессинин эки голу "Барсаны" жеңишке жеткирди

348
(жаңыланган 10:07 24.04.2017)
Оюндун 77-мүнөттө Зидан машыктырган команданын коргоочусу Рамос кызыл карта алып, "Реал" бир адамга аз ойноду.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. "Барселона" клубу Испания биринчилигинин алкагында мадриддик "Реалды" утуп алды.

  • Барселона клубу Испания биринчилигинин алкагында мадриддик Реалды утуп алды.
    "Барселона" клубу Испания биринчилигинин алкагында мадриддик "Реалды" утуп алды.
    © REUTERS / Sergio Perez Livepic
  • Эки команданын беттеши Бишкек убактысы боюнча 24-апрель саат 00:45те болуп, оюн 3:2 эсебинде аяктады.
    Эки команданын беттеши Бишкек убактысы боюнча 24-апрель саат 00:45те болуп, оюн 3:2 эсебинде аяктады.
    © REUTERS / Susana Vera Livepic
1 / 2
© REUTERS / Sergio Perez Livepic
"Барселона" клубу Испания биринчилигинин алкагында мадриддик "Реалды" утуп алды.

Эки команданын беттеши Бишкек убактысы боюнча 24-апрель саат 00:45те болуп, оюн 3:2 эсебинде аяктады.

Реал" клубунан Каземиро менен Родригес айырмалана алса, "Барсанын" чабуулчусу Месси эки ирет гол киргизди. Мындан сырткары, Ракитич гол киргизип, каталондук "Барселонаны" жеңишке жеткизди.

Белгилей кетсек, 77-мүнөттө Зидан машыктырган команданын коргоочусу Рамос кызыл карта алып, "Реал" бир адамга аз ойноду.

Ошентип упайын 75ке жетиркген "Барса" мадриддик "Реалга" упай жагынан теңелди.

348
Белгилер:
футбол, Реал Мадрид ФК, Барселона ФК
Тема боюнча
"Реал" клубу "Баварияны" жеңип, жарым финалга чыкты
Бүгүн түнү "Реал" менен "Барса" беттешет
Мюнхенде "Бавария" менен "Реал Мадрид" беттешинде коопсуздук чаралары күчөтүлөт
Жаңы зеландиялык трансгендер оор отлетчи Лаурель Хаббард. Архив

Эркек киши Олимпиадада аялдар менен күч сынашат

79
(жаңыланган 10:02 07.05.2021)
Лаурель Хаббард 12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жаңы зеландиялык оор отлетчи Лаурель Хаббард тарыхта Олимпиада оюндарына катышкан алгачкы трансгендер болуп калганы турат. Бул тууралуу The Guardian жазды.

43 жаштагы спортчу азырынча Жаңы Зеландиянын оор отлетика боюнча кыз-келиндер курама командасына расмий түрдө кабыл алына элек. Бирок Эл аралык олимпиада комитетинин жаңы эрежелерине ылайык, ал аялдар менен күч сынашып калышы толук мүмкүн.

Лаурель Хаббард  12 жыл мурда операция жасатып, жынысын алмаштырган. Ага чейин ал Гэвин деген ысым менен жашап, өз өлкөсүндө эркектер арасында алдыңкы оор атлетчи болгон.

Коомдук уюмдар анын аялдар арасында күч сынашына каршы болуп келет. Анткени спортчу расмий түрдө аял болгону менен факт жүзүндө дене түзүлүшү жана күчү эркектикиндей деп эсептешет.

Ал буга чейин Самоада өткөн кыз-келиндер мелдешине катышып, эки алтын, бир күмүш утуп алган.

79
Белгилер:
аял, оор атлетика, эреже, олимпиада, трансгендер, эркек
Тема боюнча
Модель болгусу келген кечил бала жынысын алмаштырып, подиумга чыкты
UFCинин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес. Архив

UFC Нуньес чемпион болуп турган дивизионду жабат

117
(жаңыланган 11:02 06.05.2021)
Спорттук уюм 65 килограмм салмакта атаандаштык жараткан кыз-келиндер жоктугунан дивизионду жаап салууну карап жатат. Нуньес ушул категорияда жана 61 килограмм салмакта чемпион.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт кыз-келиндер арасындагы жарым жеңил салмак дивизионун жабууну чечти. Бул тууралуу Fight Sports TV каналына промоушендин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес билдирди.

"Дана бул категорияны жабууну чечти. Мен ал жакта чемпион болгондуктан жабылбай эле турса экен дейм", — деди ал.

Нуньес жарым жеңил салмакта атаандаштык жараткан спортчулар аз экенин белгиледи.

"Бул категорияда таланттуу спортчуларды табуу кыйын болууда. Крис Сайборг (Bellator уюмунун чемпиону) менен беттешкен кыздарга деле бир нерсе жетишпегендей. Мен аларды жамандаган жерим жок, бирок көбүрөөк иштеп, ордун табышы керек", — деди бразилиялык спортчу.

Нуньес жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамды 2018-жылы ошол кездеги чемпион Крис Сайборгду утуп тагынган. Андан бери эки ирет коргоду. Бразилиялык спортчу 61 килограмм салмактагылар арасында да чемпион экени белгилүү. Бул категорияда кыргызстандык Валентина Шевченко менен эки ирет беттешип утуп алган.

117
Белгилер:
атаандаштык, категория, салмак, Аманда Нуньес, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Лезгинка жана Кыргызстанга жолдонгон салам. Шевченконун жеңиштен кийинки видеосу
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
Бишкектеги кишилер айт-намазда. Архив

Кыргызстанда Орозой айт 13-майда белгиленет

0
(жаңыланган 13:21 07.05.2021)
Орозо айынын узактыгы ай календарына жараша 29 же 30 күн болот. Быйыл бул майрам 13-майга туура келгендиктен кыргызстандыктар эс алышат.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда бейшемби күнү, 13-майда Орозо айт белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мындай чечимди Аалымдар кеңеши кабыл алган.

Ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аякташы жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.

0
Белгилер:
орозо айт, Кыргызстан, Бишкек
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
2021-жылдагы майрам жана дем алыш күндөр. Календарь
Орозо кармагандар COVID-19га каршы вакцина алса болобу? Министрликтин жообу