Кыргыз спортчусунун Казандагы чатагы. Россиянын калыстар башчысы үн катты

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз спортчусу менен байланышкан жагымсыз окуя өткөн ишемби күнү Казань шаарында өткөн чемпионатта болду. Рингден түшпөй койгон мушкерге рефери өлкөдөн депортация болуп кетиши мүмкүндүгүн эскерген.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Россиянын спорттук калыс агенттигинин башчысы Игорь Демидов өзүнүн YouTube каналына Казань шаарында өткөн TNA чемпионатында кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеевдин окуясы боюнча видео кайрылуу жасады.

Өткөн ишембиде Казан шаарында " TATNEFT кубогундагы TNA мушташы боюнча эрежелер" деп аталган дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев калыс аны жеңилди деп тапкандан кийин рингден түшпөй койгон. Окуя таймаштын 1/8 финалында болгон. Анда башкы рефери мушкерге эгер айткан тилди укпай, рингден түшпөй койсо, окуя андан ары тереңдеп кете турганын айткан. Мындан кийин Шаршеев микрофонду алып, өзүнүн пикирин билдиргенден кийин кетип калган.

Россиянын спорттук калыстар агенттигинин башчысы Демидов TNA лигасынын жетекчилиги менен кыргызстандык спортчуга кайрылган. Анда ар кыл өлкөлөрдүн калыстарынан турган комиссия түзүп, адилет чечим чыгарып, андан сырткары Шаршеев менен россиялык спортчунун таймашына калыстык кылган реферилер бригадасы менен териштирүү жасоону айткан.

Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Шаршеев: "депортация болосуң" деген рефери кечирим сурады
"Спортчу калыстык кылып жаткандардын мамилесине ачууланды. Микрофон сурап Татарстан менен TNA лигасынын дарегине жылуу пикирлерин айтыптыр. Бул мактай турган көрүнүш. Ошону менен бирге ал калыстык кылгандардын чечими менен макул эместигин билдирген. Албетте, бул жерде нааразылыкты билдириш керек. Так, ийкемдүүрөөк болуп, биро, эмоцияга алдырбастан, баарын юридикалык түрдө чечүү зарыл. Бул жерде реферинин улуттун кадыр-баркын түшүргөн сөздөрдү айтып баштаган фактысын караш керек", — деген Демидов.

Анын пикиринде, TNA лигасы калыстык кылгандардын бригадасы менен маселени териштирип, тартипке чакырган чараларды көрүшү зарыл.

Видеокайрылууда Демидов дисциплинардык комиссияга калыстык кылган реферинин тартибин карай турган комиссияны түзүүнү чакырып пикирин жыйынтыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0