Дастан Шаршеев эки айдан кийин орус мушкери менен кайрадан беттешет

© Фото / Виктор СоколовКыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев
Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында Казанда өткөн кыргыз-орус мушкерлеринин беттеши коомдук талкууга алынган. Буга судьялардын чечими менен жеңиш россиялык спортчуга ыйгарылганы себеп болгон.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев менен россиялык спортчу Антон Калининдин реванштык беттешине даярдык көрүлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине TNA турниринин спорттук директору Василий Флейшер билдирди.

Анын айтымына караганда, реванштык жолугушуунун так убактысы азырынча белгисиз. Бардык жагдайлар эки тарап менен сүйлөшүлүүдө.

"Өткөндөгү беттеш коомчулукта резонанс жараткандыктан, эки спортчуну кайрадан жолугуштурууну пландап жатабыз. Биринчи беттештеги судьялардын чечими өзгөртүүсүз калат", — деди Флейшер.

Антон Калинин менен реванштык беттеш өтө турганын кыргызстандык спортчу дагы өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

"Биз TNA уюму менен биргеликте таймаш өткөрүүнү чечтик. Антон Калинин менен эки айдан кийин кайрадан беттешем", — деди Дастан Али Шаршеев.

Кыргызстанский боец Дастан Али Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Шаршеев: "депортация болосуң" деген рефери кечирим сурады
Казань шаарында "TATNEFT кубогундагы TNA мушташы боюнча эрежелер" деп аталган дүйнөлүк чемпионатта кыргызстандык мушкер Дастан Али Шаршеев калыс аны жеңилди деп тапкандан кийин рингден түшпөй койгон. Окуя таймаштын 1/8 финалында болгон. Анда башкы рефери мушкерге эгер айткан тилди укпай, рингден түшпөй койсо, окуя андан ары тереңдеп кете турганын айткан. Мындан кийин Шаршеев микрофонду алып, өзүнүн пикирин билдиргенден кийин кетип калган.

Кийинчерээк Россиянын спорттук калыс агенттигинин башчысы Игорь Демидов бул окуя боюнча өз пикирин жарыялаган. Ал өз сөзүндө ар кыл өлкөлөрдүн калыстарынан турган комиссия түзүп, адилет чечим чыгарып, андан сырткары Шаршеев менен россиялык спортчунун таймашына калыстык кылган реферилер бригадасы менен териштирүү жасоону айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0