Антонина Шевченконун эки чемпиондук курга ээ болгон беттешинин видеосу

© Фото / Roger AllenКыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тайбоксчу Антонина Шевченко муай-тайдын WMC жана Phoenix FC версиясы боюнча ат салышты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Спортчу Антонина Шевченко Ливандын Бейрут шаарында Phoenix Fighting Championship жана World Muaythai Championship биринчиликтеринен жеңип чыгып, эки чемпиондук курга ээ болду. Бул тууралуу КР Тай бокс федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мелдеш 29-апрель күнү өттү. Кыргызстандык спортчу дүйнө чемпиону, швециялык Иса Таблад Кескикангас менен беттешип, муай-тайдын WMC жана Phoenix FC версиясы боюнча ат салышты.

Таймашта спортчуга машыктыруучусу Павел Федотов менен UFC рейтингинде биринчи номер менен турган бир тууганы Валентина Шевченко дем берип турушту.

"Мелдеш учурунда спортчулар мыкты таймаш көрсөтүштү. Бирок беш раунддун жыйынтыгы менен судьялар бир добуштан Шевченкону жеңүүчү деп табышты. Ошентип ал мурдагы титулдарына дагы эки чемпиондукту кошуп алды", — деп айтылат билдирүүдө.

Спортучунун машыктыруучусунун айтымында, Антонинанын келечекке пландары жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0