Аттиң ай...даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев тирүү болгондо 48 жашка чыкмак!

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүГреко-римская борьба. Чемпионат России. Второй день
Греко-римская борьба. Чемпионат России. Второй день - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн желеги эки ирет бийик көтөрүлөт деп айтылат. Бири мамлекеттик расмий жолугушууларда, экинчиси спортчулар өлкөнүн намысын бийик көтөргөндө.

Бүгүн, атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча чебер, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны саналган Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 48 жашка чыкмак.

Журналист Гүлдана Талантбекова даңазалуу балбан Санатбаевдин бала кези, эки жыл уйку бербеген сүйүүсү, маңдай жарыла сүйүнгөн жеңиши, табышмактуу өлүмү тууралуу фактыларды сунуштайт.

Нандын кадырын үйрөткөн таята

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Ош шаарында үй-бүлөдө экинчи уул болуп жарык дүйнөгө келген. Болочок чемпиондун атасы Калыбек Москвадагы ВГИКти бүтүрүп, кыргыз маданиятына өмүрүнүн акырына чейин салым кошуу менен алектенген. Энеси Дилбар алты баланы өстүрүп тарбиялоо менен бирге ар түрдүү мекемелерде кызмат кылып келген. Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу кичине кезинен эле иштерман өскөн. Мындай тарбияда өсүшүнө таятасы Калынын таасири чоң. Ал дайыма: "Баланы кыймыл, таза аба жана адал эмгек чыныгы адам кылат. Кичинесинен нанды кантип, кайдан табыларын билип өсүш керек" деп айтчу экен.

Сүрөтчү болууну кыялданган

Раатбек бала кезинен тарта сүрөтчү болууну кыялданган. Бул спортчунун эч кимге айта бербеген сыры болгон. Бир күнү классташы Нурмамбет: "Мен күрөш ийримине барып жүрөм. Жүрү сен дагы" деп калат. Ошондон тарта Раатбек күрөшкө кызыга баштайт. Чогуу машыккан балдардын арасында маркум Баяман Эркинбаев да болгон.

Тапанча балбандын колуна түшөт

Болочок спортчунун алгачкы машыктыруучусун эл Тапанча балбан деп атаган. Тапанча балбан Раатбек 5-6-класс болуп калган убагында алты баланы кошуп борбордо өткөн мелдешке алып кетет. Мелдештен кийин машыктыруучу балдарды борбордогу спорттук мектеп-интернатка жайгаштырып, "ушул жерде жашап, машыгып тургула" деп таштап кетет. Ата-энелер: "Көзүбүз тирүү турганда интернатка балдарыбызды бергениң эмне?" деп нааразы болушат. Ошондой болсо да Тапанча балбан балдарды кайра айылга алып келбей койгон.

Спортко арналган өмүр

Памятник Уркуе Салиевой. 2015 г. - Sputnik Кыргызстан
24 жашында мууздалган Уркуя Салиева жөнүндө 15 факты
Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна өтөт. 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн Советтер Союзунун баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге барат. Мелдеште финалга өзбек балбаны менен чыгып экинчи орунга татып, "СССРдин эл аралык класстагы спорт чебери" деген наам менен күмүш медалды жеңип алат. Ошондон кийин Раатбек өзүнүн спорт үчүн жаралган адам экенин сезип, спорт үчүн баарына даяр болууга талпынат.

Уйку бербеген татынакай кыз

Раатбек бир жолу өзү машыккан спорт залынан кокусунан татынакай кызды көрүп калат. Ошондогу көз ирмемдер спортчунун жүрөгүнө катуу сокку болуп урулат. Татына кыздан көзүн тарта албай көпкө тиктеп калганын өзү да сезбей калат. Мындай сезимдин баарын уяңдык жеңип, Раатбек кыз менен тааныша албай үйүнө кетет. Эстонияда аскер кызматын өтөп алыста жүргөндө жүрөгүн спорт залдагы кыздын элеси эзе берет. Ошондой күндөрдүн биринде колуна карандаш алып, жүрөк кылдарын күүгө келтирген кыздын элесин кагазга түшүрөт. Эки жылдан кийин мекенге кайткан Раатбек үйдөгү жакындары менен көрүшкөн соң дароо элеси кагазында сакталган кызды издейт. "Издеген табат" болуп ал кызды биринчи көзү түшкөн спорт залдан көрүп, таанышууга шашылат. Экөө кыйышпас жакындарга айланып, ажайып сүйүү даамын татышат. Раатбекке сүйүү тартуулаган бул селкинин аты Сайра эле. Сайра эки бир тууган болгон. Эжеси Калыгүл жол кырсыгынан каза болуп калган. Анысы аз келгенсип Сайранын атасы да о дүйнө салат. 1992-жылы Сайрага үйлөнгөн Раатбек кайненесинин жалгыз күйөө баласына да, уулуна да айланат.

Учактан дароо эле төрөтканага жөнөгөн

1994-жылдын 3-январы спортчу үчүн өмүрүндөгү унутулгус күндөрдүн бири болду. Хиросимадагы мелдештен кайтып келип учактан түшөрү менен балбан үйүнө эмес, төрөтканага жөнөйт. Тун небересин көргөнүнө жетине албаган Дилбар апа небересине Бексултан деген ысым ыйгарат. 1996-жылы экинчи уулу Даулет төрөлөт. Даулет деген ысымды Раатбек атактуу казак балбаны Даулет Турлыхановдун атынан койгон. Эки элдин эки балбаны эл аралык мелдештердин биринде таанышып, достошушкан. Улуу спортчунун кичүү кызы Асема 2003-жылы төрөлгөн.

Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары
Өмүрлүк жары Сайра жолдошу тууралуу төмөнкүлөрдү эскерет: "Анын турган турпатын, сүйлөгөнүн, күлгөнүн, баарын сүйгөм. Ал ушунчалык ак көңүл, жан дүйнөсү таза адам эле. Чындыгында бизде казан-аяк кагышкан учурлар болгон жок. Анткени, 12 жыл бирге жашаганыбыз менен, санай келгенде төрт-беш жыл гана чогуу жашадык деп ойлойм. Ал көбүнчө машыгууда, мелдештерде жүрүп, бизге убактысын аз бөлчү. Балдар аны сагынып, кусага батканда сүрөттөрүн колдон түшүрбөй калышчу. Раатбек үйгө келгенде алгач чочуркашып, анан белектерин көргөн соң моюнуна асылып калышчу".

Кыргыз спорту кара жамынган күн

2006-жылдын 8-январы кыргыз эли, спорт дүйнөсү үчүн оор үшкүртө турган күн болду. Борбордун 7-кичирайонундагы күркөлөрдүн биринен сүт алып бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекке бейтааныш адамдар бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошентип спортчу кырчындай 36 жаш курагында ооруканага жетпей каза табат.

Кыргыз спортуна кошкон ат көтөргүс эмгектери

Раатбек Санатбаев эл аралык деңгээлдеги турнирлерди 12 ирет утуп, "Даңк" медалы, Улуттук олимпиадалык комитеттин төш белги, ардак граматоталары менен сыйланган. Ал Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны болуп саналган. 1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын үчилтигине кирген.

  • 1994-жылы Хиросимада өткөрүлгөн Азия оюндарында күмүш медаль, 2-орун
  • 1995-жылы Манилада өткөрүлгөн Азия чемпиондугунда 2-орун
  • 1998-жылы Таиландда өткөрүлгөн Азия оюндарында күмүш байге
  • 1999-жыл Сеулда өткөрүлгөн Азия чемпиондугунда алтын медаль. Ушул эле жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалды багындырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0