Панкратион боюнча мелдешке барган КР спортчуларын Украинага киргизбей коюшту

© Sputnik / Табылды КадырбековВо Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын делегациясынан тышкары, турнирге Россиянын жана Белоруcсиянын спортчулары да катыша албай калды.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Украинанын чек ара кызматы Одесса шаарында өтө турган панкратион боюнча эл арлык Golden Mongoose турнирине барган кыргызстандык спортчуларды өлкөгө киргизбей койду. Бул тууралуу Одесса облусунун Жаштар иши жана спорт боюнча башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды.

Молодой боец по джиу-джитсу Темур Айтназаров - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кыргыздын чемпион уулу. 9 жашар балбан Россияда 27 медалга татыды
Май айынын биринчи дем алыш күнү Одессада профессионалдык панкратион боюнча кубок болуп өткөн. Ага Европа жана КМШ мамлекеттеринен спортчулар келип катышкан. Бул турнир сегиз жылдан бери Украинанын грэпплинг федерациясынын президенти Магомед Магдиев, Одесса облусунун панкратион федерациясы жана "Мангуст" коомдук уюму тарабынан өткөрүлүп келет.

Быйыл болгон мелдеш бир катар күтүлбөгөн окуялар менен коштолду. 28чи жана 30-апрелде мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандан, Россиядан жана Белоруссиядан келген спортчулар аэропорттон кайта кетүүгө аргасыз болушту.

"Белгисиз себептерден улам Кыргызстандан, Дагестандан жана Белоруссиядан келген спортчулар аэропорттон өтө алышкан эмес. Кийинки мелдештерде мындай окуялар кайталанбайт деп ишенгибиз келет. Биз бул турнирге дагы көп мамлекеттен спортчулар келип катышуусун каалайбыз жана аларга шарт түзүп бергенге бардык аракеттерди көрөбүз", — деп Магдиев "Репортер" телеканалына берген маегинде баса белгилеген.

Ал ошондой эле мелдешке катыша турган спортчулардын бирөө дагы Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салынган кишилердин тизмесине кирбегенин айтып, ушул күнгө чейин аэропортто болгон окуя боюнча түшүндүрмө ала электигин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0