"Реал" менен "Атлетико" беттешин түрк калысы тейлейт

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФутбол калысы. Архив
Футбол калысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул командалардын жеңүүчүсү финалга жолдомо алат.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Эртеңкиге карган түнү, тагыраагы Бишкек убактысы боюнча 11-майда саат 00:45те "Атлетико" менен мадриддик "Реал" беттешет. Бул тууралуу Чемпиондор Лигасынын расмий сайтына жарыяланды. 

Барселона футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Барселона" Чемпиондор Лигасынын жарым финалына өтпөй калды
Андагы маалыматка ылайык, "Атлетико" өз талаасында ойноп, беттешти түрк калысы Канейт Какер тейлейт.

Бул командалардын биринчи оюнунда Роналдунун үч голу "Реалды" жеңишке жеткирип, эсеп 3:0 эсебинде аяктаган.

Белгилей кетсек, бул беттештин жыйынтыгы менен Чемпиондор Лигасынын финалисти аныкталат.

Буга чейин "Атлетико" клубу "Лестерди" утуп жарым финалга чыкса, "Реал" немистердин "Бавариясын" жеңип, 1/2 финалга жолдомо алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0