Каратэ-до боюнча Кыргызстан биринчилигине жети жолку дүйнө чемпиону келет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүФизкультурно-оздоровительный комплекс "Мещерский"
Физкультурно-оздоровительный комплекс Мещерский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналмакчы.

БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте каратэ-до боюнча Кыргызстан биринчилиги башталарын КРдин "Шотокан" каратэ-до International улуттук федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналып, саат 14.00дө башталат.

Иш-чаранын расмий ачылышы жана жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземине жетинчи дандагы кара курдун ээси, каратэ-до боюнча дүйнөнүн жети жолку, Япониянын алты жолку чемпиону Манабу Мураками шихан катышат.

Иш-чарага конок катары өкмөт мүчөлөрү дагы келери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0