Сүйүнчү! Кыргызстандык спортчу Исламиаддан алтын медаль тагынды

© Фото / из личного архива Юрия КраковецкогоУчастник Олимпиады-2016, бронзовый призер чемпионата Азии, дзюдоист Юрий Краковецкий. Архив
Участник Олимпиады-2016, бронзовый призер чемпионата Азии, дзюдоист Юрий Краковецкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул оюндарда Кыргызстандын намысын 70 спортчу коргоп жатат.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Азербайжан өлкөсүнүн баш кааласы Бакуда өтүп жаткан IV Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык дзюдочулар төрт медаль тагынышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Дзюдо боюнча федерациянын вице-президенти Абай Молдокан маалымдады. 

71 килограммга чейин салмак категориясында ат салышкан балбан Нургазы Асангулов беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатынан дагы бир медаль. Нургазы Асангуловдун жеңиши видеодо
IV Ислам тилектештик оюндары Бакуда 12-майда башталып, 22-майда аяктайт. Молдокандын айтымында, дзюдо боюнча беттеш 13-14-майда өттү. Биринчи күнкү мелдеште Отар Бестаев (60 кг) менен Бектур Рысмамбетов (73 кг) коло медал тагынышкан. Бүгүн жекшемби күнү Владимир Золоев (81 кг)

дагы коло медалга ээ болсо, 100 килограммга чейинки салмак категориясында беттешке чыккан Юрий Краковецкий алтын медаль тагынды. Ал финалда алжирлык балбан менен кармашкан. 

Молдокан Кыргызстан 2005-жылдан бери биринчи жолу Исламиаддан алтын медалга ээ болгонун кошумчалады. 

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, 2005-жылы оор атлетчи Улан Молдодосов эки алтын медаль тагынган. 

Учурда бул оюндарда Кыргызстандын намысын 70 спортчу спорттун 11 түрү боюнча коргоп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0