Балбан Арсен Эралиев 1987-жылы 15-майда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн. Спортчунун ийгиликтерге жетишип, балбан болушуна атасы Кадырбайдын салымы чоң. Ар тараптан колдоп, мелдешке аттанып жатканда атайын айылдан бал, чучук алып келип берчү. Атасы беш жыл мурун каза болгон. Апасы Сагын мектепте мугалим болуп иштейт. Арсен үй-бүлөдө беш бир туугандын эң улуусу. Магомед, Арлен аттуу инилери, Аида, Альбина деген карындаштары бар. Кенже иниси Арлен дагы күрөш менен алектенет.
Спорт менен 15 жашында Өзгөрүш айылындагы спорт залдарынын биринен машыгып баштаган. Алгачкы машыктыруучусу Камбар Исмаилов болгон. 2000-жылы борборго келип Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайга тапшырган. Эмгек сиңирген машыктыруучу Майрамбек Ахметовдун колунда тарбияланып, учурда айылдаш агасы, 2008-жылы өткөрүлгөн Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси Канатбек Бегалиев машыктырат.
2014-жылы Айзада аттуу сулууга баш кошкон. Ортодо Элмырза аттуу баланы тарбиялашат. Ал уулу тууралуу "баланы жаштайынан эмнеге жөндөмдүү экенин байкаш керек, мен спорт менен машык деп кыйнабайм, бирок алма сабагынан алыс түшпөсүнө ишенем" деп айтканы бар.
Балбан 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тарткан. Бул тууралуу "Партерде жакшы тура албай койдум окшойт. Салмакты көбүрөөк кууп койгонум терс таасирин тийгизди. Балким, бир жыл мурун эле жолдомо алып койсом, Лондонго энергия сактап бармакмын. Анан 4 жылда бир келчү мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдым деп өзүмө кыжырым келди. Эч ким жок жакка барып, жашынып алып намыстанып ыйладым. Бирок жеңилгенден кийин Данияр Көбөнов экөөбүздү ичип кетти деген кептер — калп" деп айтканы бар.
Белгилүү балбан дене-тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн. Экинчи билимин Юридикалык академиядан алган. ЖМКларга берген маектердин биринде "спорттук карьерам аяктагандан кийин, юриспруденция менен алектенишим мүмкүн" деп айтканы бар.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 29-30-январда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Спорттук күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдештин жыйынтыгы менен улуттук курама команда аныкталат.
"Баары катышат. Өлкө чемпионатынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук командасын аныктайбыз. Ошондуктан мыктылардын баары катышышы зарыл. Өткөн жылы дүйнөлүк аренада күрөшүп келген айрым балбандар мелдештен боштулган болчу, быйыл машыктыруучулардан мындай билдирүү бизге келе элек", — деген ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү учурда Бишкекте окуу-машыгуу өткөрүп жатышат. 11-январда башталган иш чара 29-январга чейин уланат.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Стамбулда өткөн футболдук беттеште кар жаап, ак кийим менен чыккан команданын оюнчулары көрүнбөй калды. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.
Weiße Trikots sind bei Schnee eher eine mittelgute Idee. Beweisstück A: Basaksehir gegen Sivasspor. #SüperLig pic.twitter.com/MLGqL9HsBN
— Louis van Goal (@regionalkapital) January 16, 2021
Кызык окуя Түркиянын суперлигасынын алкагында "Истанбул Башакшехир" жана "Сивасспор" командаларынын беттешинде болгон.
It was snowing in Istanbul during the Basaksehir - Sivasspor game and Sivasspor thought wearing white would be a good idea. Yes, there are actually two sides in this photo - look closely and Sivasspor players are there. 💆🏻♂️💆🏻♂️💆🏻♂️ pic.twitter.com/LBV1Zi14Fp
— Çetin Cem Yılmaz (@cetincem) January 16, 2021
"Сивасспор" клубунун оюнчулары ак түстөгү кийим кийип чыгышкан. 20-мүнөттө кар жаап, жер агарып, биринчи бөлүктүн аягында оюнчулар көрүнбөй калган. Ага карабай беттеш аягына чейин улантылып, эсеп 1:1 менен бүткөн.
But I enlarged the picture a lot. Really nice story. Hihi.
— The moon and the stars 🇦🇹 (@themoonsayswhat) January 17, 2021
How did the game end? Who won? pic.twitter.com/NHsTpaf1BT
Бул окуя соцтармактагы белгилүү Reddit сервисинде кызуу талкууланган. Айрым көрүүчүлөр "Истанбул Башакшехирдин" футболчулары атаандашы жок өзүлөрүнчө эле ойногондой болду деп белгилеген.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.