Бишкекте төрт өлкөнүн студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда

© Фото / Шамшар АлимжановБишкекте Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда
Бишкекте Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул мелдешке 200дөн ашык студент келген.

БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Бишкекте Түрк кеңешине кирген өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын студенттери спорттун алты түрү боюнча күч сынашууда. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинен билдиришти.

Захватывающе! Аэросъемка марафона с побережья Иссык-Куля - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө жана кооз! Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн марафондун асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, мелдеш 15-майда башталган. Ага Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын студенттери катышып, волейбол, мини-футбол, стритбол, таяк тартыш, күрөш боюнча ат салышууда.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин директору Канат Жанузаковдун айтымында таймашка Европадагы мелдештерге катышкан спортчулар келген.

Аталган мелдешке 200дөн ашык студенттер катышууда, иш-чара 19-майда жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0