Исламиада: Кыргызстан алдыңкы ондукка кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстандын куржунунда 13 медаль бар.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. IV Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстан жалпы эсептик көрсөткүч боюнча алдыңкы ондукка кирди. Бул тууралуу аталган оюндардын расмий сайтында маалымдалды.

Оюндар ушу тапта Азербайжандын Баку шаарында өтүп жатат.

71 килограммга чейин салмак категориясында ат салышкан балбан Нургазы Асангулов беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Азия чемпионатынан дагы бир медаль. Нургазы Асангуловдун жеңиши видеодо
19-майда кыргызстандык балбан Муслим Евлаев алтын медаль тагынган. Бул ушуну менен Кыргызстандын куржунун толуктаган үчүнчү алтын. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Каныбек Жолчубеков менен дзюдочу Юрий Краковецкий алтын тагынышкан.

Жалпы эсеп боюнча Кыргызстан 3 алтын 3 күмүш жана 7 коло медаль топтоп ондукка кирди. Биринчи орунда Азербайжан (126 медаль, анын ичинде 64 алтын) келе жатса, экинчиде Түркия (164 медаль, анын ичинде 63 алтын), ал эми үчүнчүдө Иран өлкөсү (74 медаль, анын ичинде 20 алтын) келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0