Дзюдо боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык 10 спортчу ат салышат

© Фото / пресс-служба федерации дзюдо КыргызстанаКытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык 10 спортчу катышат
Кытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык 10 спортчу катышат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дзюдочулар аталган биринчилике жолдомо алуу үчүн апрель айынын башында Түркияда өткөн Гран-при мелдешинде ат салышкан.

БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Кытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык 10 спортчу катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы кабарлады.

Участник Олимпиады-2016, бронзовый призер чемпионата Азии, дзюдоист Юрий Краковецкий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Кыргызстандык спортчу Исламиаддан алтын медаль тагынды
Билдирүүгө ылайык, Гонконг шаарында өтө турган Азия чемпионаты 24-майдан 29-майга чейин өтөт. Мелдешке Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов, Жаныбек уулу Руслан, Владимир Золоев, Шахриер Идрисов жана Юрий Краковецкийлер күч сынашат. Ал эми кыздар арасындагы таймашка Ксения Бельдягина, Асель Мусабекова, Мээрим Момунова менен Айжан Кадырбековалар катышат.

Кыргызстандык дзюдочулар аталган биринчилике жолдомо алуу үчүн апрель айынын башында Түркияда өткөн Гран-при мелдешинде ат салышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0