Эки тай боксчу бир учурда бири-бирин эстен тандыра чапты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видеохостинга Youtube пользователя MAX Muay Thai Official. Тайбоксеры Дориан Прайс и Джонатан Леко
Снимок с видеохостинга Youtube пользователя MAX Muay Thai Official. Тайбоксеры Дориан Прайс и Джонатан Леко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеште Прайс каршылашын жаакка муштап, ал эми француз спортчусу америкалыкты чыканак менен башка уруп кулаткан.

БИШКЕК, 26-май. — Sputnik. Тайландда тай бокс боюнча өткөн турнирде эки мушкер бир учурда бири-бирин нокдаунга кетиришти. Бул тууралуу Yahoo Sport маалымат сайты кабарлады.

Рингге америкалык Дориан Прайс менен француз Жонатан Леко чыккан.

Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Антонина Шевченконун эки чемпиондук курга ээ болгон беттешинин видеосу
Андагы видеодо Прайс каршылашын жаакка муштаса, ал эми француз спортчусу америкалыкты чыканак менен башка урууга жетишип, экөө тең жыгылып калган. Натыйжада калыс нокдаунга кеткен спортчулардын убактысын санаган маалда Прайс бутуна туруп кеткен. Ал эми Леко беттешти кайра уланта алган эмес.

Мындай окуя ушул жылдын март айында Америкада дагы катталган. Shamrock FC эрежесиз эр уруш боюнча турнирде спортчулар бири-бирин беттештин биринчи раундунда эле нокдаунга кетиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0