Бишкекте балдар үчүн футбол фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоварищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана
Товарищеский матч по футболу между сборными Кыргызстана и Ливана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кичинекей кыргызстандыктар Балдарды коргоо күнүндө өлкөнүн курама командасынын оюнчулары менен кезигип, футбол талаасына чыга алышат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата футбол фестивалы өтө турганын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара калктын социалдык аялуу катмарындагы 6-13 жаштагы балдар үчүн уюштурулган. Ага 300 жаш футболчу катышат.

Кытайдагы дзюдо боюнча Азия биринчилигине кыргызстандык 10 спортчу катышат - Sputnik Кыргызстан
Дзюдо боюнча Азия биринчилигинде кыргызстандык 10 спортчу ат салышат
Фестиваль федерациянын футбол борборунда өткөрүлөт. Аянт беш бөлүккө бөлүнөт. Алардын биринде БУУнун балдар фонду (UNICEF) жашы жете электердин укуктары тууралуу айтып, калган төртөөндө мелдештер уюштурулмакчы.

Конок катары келген наристелер үчүн батут орнотулат.

Келген балдар атайын сүрөт бөлмөсүнө кирип, "Керемет көчтүн" каармандары менен "селфи" жасаса болот. Ошондой эле Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары менен жолугуп, баланын укуктары жана футбол тууралуу викториналарга катыша алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0