Месси "Алтын бутсанын" саны боюнча Роналдуга теңелди

© AFP / Josep LAGOАргентинский форвард ФК "Барселона" Лионель Месси
Аргентинский форвард ФК Барселона Лионель Месси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аргентиналык оюнчу алган наамы боюнча Реал Мадриддин чабуулчусу Криштиану Роналду менен теңелди.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Аргентина курама командасынын жана "Барселонанын" чабуулчусу Леонель Месси Европа чемпионатынын жыйынтыгы боюнча эң көп гол киргизген оюнчу аталып, "Алтын бутс" наамын алды.

Конкурс Мисс футбол — 2017 в КР - Sputnik Кыргызстан
Надира Исакова кыргыз футболунун жүзү болду
Месси Испания чемпионатынын жүрүшүндө 37 гол киргизген. Ал эми андан кийин лиссабондук "Спортинг" командасынын оюнчусу Бас Дост 34 гол менен экинчи орунга илинди. Үчүнчү орунда дортмундук "Борусиянын" оюнчусу Пьер-Эмерик Обамейянг (31 гол) турат.

Месси буга чейин Европа чемпионаттарынын 2009-2010, 2011-2012 жана 2012-2013 сезонунда мыкты бомбардир аталган.

Реал Мадриддин чабуулчусу Криштиану Роналдунун да төрт "Алтын бутса" наамы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0