Дастан Али Шаршеев Таиландда өткөн мелдештин чемпиону аталды

© Фото / Виктор СоколовКыргызстандык мушкер Али Шаршеевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандык мушкер Али Шаршеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршеев 22-апрелде Казань шаарында өткөн тай бокс боюнча мелдеште калыстын чечимине нааразы болуп, рингден көпкө чейин кетпей койгону менен белгилүү.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Али Шаршеев Таиландда өткөн тай бокс боюнча мелдеште жеңишке жетишти деген маалыматты спортчу өзү тастыктады.

Таймаш 4-июнь күнү өткөн Шаршеев рингге Таиланддын беш жолку чемпиону менен чыгып, аны 3-раундда нокаут менен утуп алган.

"Жеңиш оңой болгон жок. Биринчи рауннда утуп, экинчи рауннда катуу сокку менен утулуп, үчүнчүсүндө бар күчүмдү топтоп жеңишке жеттим" — деди мушкер.

Шаршеев 22-апрелде Казань шаарында өткөн тай бокс боюнча мелдеште калыстын чечимине нааразы болуп, рингден көпкө чейин кетпей койгону менен белгилүү.

Спортчу 27-июнда Москва шаарында Антон Калинин менен кайрадан реванш беттешине чыгары маалым болду. Машыгуулар дал ушул Таиланд жергесинде өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0