Дүйнөдөгү эң кымбат футболчу аныкталды

© AP Photo / Manu FernandezИспаниянын "Барселона" клубунун жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар. Архив
Испаниянын Барселона клубунун жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингге негизинен испандык "Барселона" менен англиялык "Тоттенхемдин" оюнчулары кирген.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубунун жана Бразилия курама командасынын чабуулчусу Неймар Футболдогу спорттук иликтөөлөр борбору (CIES Football Observatory) тарабынан түзүлгөн рейтингде эң кымбат футболчу болуп калды. 

Уюмдун эсептөөсү боюнча 25 жаштагы оюнчунун трансфердик баасы 210,7 миллион еврого бааланган. Экинчи жана үчүнчү орундарды Лондондун "Тоттенхем" клубунун футболчулары Деле Алли (155,1 миллион) жана Харри Кейн (153,6 миллион) ээлешти.

Отборочный раунд Кубка Азии по футболу — сборная Кыргызстана против Макао - Sputnik Кыргызстан
КР курама командасы FIFA рейтингинде төрт тепкичке төмөндөдү
Рейтингде кийинки болуп "Алтын топтун" беш жолку ээси Леонель Месси турат. Серепчилер анын наркын 151,7 миллион еврого баалашкан. Ал арада Европа чемпиону жана Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү Криштиану Роналду 112,4 миллион евро туруп, 11-сапты ээледи.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында Португалия курама командасынын жана мадриддик "Реалдын" чабуулчусу Роналду Франциянын France Football журналынын пикири боюнча дүйнөдөгү эң көп акы төлөнүүчү оюнчу деп аталган. Мында Месси экинчи орунду ээлеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0