Конфедерация кубогунун экинчи күнүндө Мексика менен Португалия тең чыкты

Конфедерация кубогу: Чили жеңишти майрамдаса, Португалия менен Мексика тең чыкты

71
(жаңыланган 10:32 19.06.2017)
Чилинин оюнчулары Артуро Видаль менен Эдуардо Варгас командасына жеңиш алып келди.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Конфедерация кубогунун экинчи күнүндө Мексика менен Португалия тең чыкса, Чили командасы Камерунду утуп алды.

Россияда өтүп жаткан мелдештин экинчи күнүндө Казань шаарында Португалия командасы Мексика менен беттешти. Оюндун жүрүшүндө футболчулар экиден гол киргизип, эсеп тактасы 2:2 бойдон өзгөргөн жок.

Ал эми Москва шаарында болгон беттеште Чилинин оюнчулары Артуро Видаль менен Эдуардо Варгас өзгөчөлөнүп, оюн 2:0 эсебинде Камерундун жеңилүүсү менен аяктады.

Бүгүн Германия менен Австралия командалары күч сынашат.

71
Белгилер:
футбол, кубок, Конфедерация кубогу, Португалия
Тема боюнча
Конфедерация кубогу башталды. Россия командасы Жаңы Зеландияны жеңди
Көк-бөрү оюну. Архивдик сүрөт

Ноябрда Чолпон-Атада президенттин кубогу үчүн көк бөрү оюну өтөт. Программасы

86
(жаңыланган 17:23 23.10.2020)
Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу жылган болчу.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Ушул жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча КР президентинин кубогу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Ага ылайык, сыйлыктар жогорку жана I лиганын командаларынын арасында ойнотулат.

Жылда өтүп жүргөн көк бөрү боюнча президенттин кубогунун алкагында ат чабыш, эр эңиш жана салбурун боюнча мелдештер пландалган.

Программасы:

  • 3-7-ноябрь — көк бөрү боюнча турнирдин алдын ала беттештери;
  • 7-ноябрь — көк бөрү боюнча 3-орун үчүн кармаштар жана эр эңиш, салбурун боюнча мелдештер;
  • 8-ноябрь — көк бөрү боюнча финалдык мелдештер, эр эңиш, салбурун, ат чабыш боюнча мелдештер.

Аталган мелдеш жыл сайын 31-августта, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүндө өтүп келген. Быйыл эпидемиологиялык абалга байланыштуу адегенде октябрь айына жылдыруу чечими кабыл алынган болчу.

"Келатыр, сай күлүк"! Жамбылда кыргыз күлүгү лимузин утту. Видео

Өткөн жылы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандагы мелдеште "Достук" (Ош) менен "Ынтымак" (Талас) командалары финалга чыгып, 3:2 эсебинде Оштун командасы жеңишти илип кеткен.

Үчүнчү байгелүү орунду Чүйдүн "Сары-Өзөнү" ээлеген.

86
Белгилер:
Көк бөрү, мелдеш, кубок, президент, Чолпон-Ата
Тема боюнча
Валентина Шевченко КМШдагы сулуу жана мыкты мушкер аял деп табылды. Сүрөт

Салмагы ашып кеткен Хабиб таразага чечинип түштү. Видео

1776
(жаңыланган 16:36 23.10.2020)
Спортчулар 24-октябрда UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук куру турат.

UFC мелдешинде чемпиондук наамды коргоочу беттеши алдында таразага түшкөн россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун салмагы ашып калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Таразадан так салмакты көрсөтүү үчүн россиялык мушкер толук чечинүүгө аргасыз болгон. Экинчи ирет түшкөндө Хабибди UFC кызматкерлери атайын материал менен калкалап турушту. Ал эми Гэтжи чолок шымчан эле түшүп, салмагы өз ченинде экени айтылды.

Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот

Спортчулар 24-октябрда "Мушкерлер аралы" жайында өтүүчү UFC 254 мелдешинде жекеме-жеке чыгышат. Марада учурда Нурмагомедов ээлик кылган промоушендин жеңил салмактагы чемпиондук кур турат.

Учурда россиялык мушкер 28 беттеш өткөрүп, баарын жеңген. Ал эми анын атаандашы 22 таймашта утуп, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан.

1776
Белгилер:
салмак, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб менен Гэтжинин беттешин качан жана кайсы жактардан көрүүгө болот
UFC: Хабиб көз караштар таймашында жеңилип калды. Тамашалуу ролик
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

0
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды