Жаш спортчу, Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы Мухаммед Али Хасанакунов

Оштогу балакай "Ван Дамм" турникке шпагатка отуруп, чимириле тээп өнөрүн көрсөттү

2297
(жаңыланган 16:05 29.06.2017)
Эки метрдей бийиктикте турган мүшөктөрдү айланып тээп, бир колу менен жерден түртүлүп, турниктин асты-үстүнө шпагатка отуруп ойногон 8 жаштагы Мухаммед Али Хасанакунов белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Ал жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Ван Даммдын кичинекей күйөрманы менен байланышты. Ал Оштун Кара-Суу районунда жашаган карапайым үй-бүлөнүн уулу.

Баланын өзүнүн аты Мухаммед Али экенине карабай "Али Ван Дамм" деген каймана аты менен көпчүлүккө таанымал. Атасы Хайотбек Хасанакунов уулу эч кандай машыгуу залдарына барбай эле, кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткенин айтат.

"Балам эс тарткандан бери эле Ван Даммдын кинолорун көрүп кызыгуусу күчөгөн. Анын ар бир кыймылын тууроого аракет кылып, эки жашында шпагатка отура баштады. Үйдө машыгууга шарттарды түзүп керектүү жабдууларын алып бергем. Негизи өзүнүн да тубаса таланты бар", — деди атасы.

Юный спортсмен из Оша, фанат Жан-Клод Ван Дамма Мухаммед Али Хасанакунов
© Фото / Хайотбек Хасанакунов
Баланын өзүнүн аты Мухаммед Али экенине карабай "Али Ван Дамм" деген каймана аты менен көпчүлүккө таанымал

Хасанакуновдордун үй-бүлөсү 15 жылдан бери буюртма менен кыш куюп иштешет экен. Ошондуктан Мухаммед Алини атайын машыгуу залдарына берүүгө шарт болгон эмес. Мындан улам аз болсо да балдарга аралаша берсин деп айына 200 сом төлөп жакын жердеги күрөшкө катыштырып койгон.

"Өзүм да мурда оор атлетика менен машыкчумун. 1996-жылы Шаркан-Сай каналына түшүп кетип 10 чакырымдай агып барып чек арачылар куткарып калган. Омурткаларым жабыркап, ошондон кийин спорт менен алектенбей калгам. Кийин уулум спортко кызыкканын көрүп аябай сүйүндүм. Анан өзүм жетпеген нерселерге балам жетсин деп тилек кылып машыктыра баштадым. Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайбыз", — деди Хасанакунов.

  • Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен
    Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен
    © Фото / Хайотбек Хасанакунов
  • Балакай Ван Даммдынатасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген
    Балакай "Ван Даммдын"атасы өзү жетпей калган нерселерге баласы жетсин деп тилек менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп берген
    © Фото / Бекзат Хасанакунов
  • Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайт
    Юный Күнүгө эртең менен, кечинде бир жарым сааттан көнүгүүлөрдү жасайтиз Оша Мухаммед Али Хасанакунов
    © Фото / Хайотбек Хасанакунов
1 / 3
© Фото / Хайотбек Хасанакунов
Мухаммед Али эч кандай машыгуу залдарына барбай эле кинодон көргөндөрүн туурап жатып өздөштүрүп кеткен

Буга чейин кыргызстандык бала Нурмухаммед Ташмаматовдун Брюс Лини туурап Россиянын "Лучше всех" долбооруна чыкканын көрүп Мухаммед Али да ошол жакка барууга максат койгон.

"Ушул спортту калтырбай алып кетүүгө аракет кылам. Анан мүмкүнчүлүк болсо Ван Даммдын өзү менен жолуккум келет. Бул менин бирден-бир кыялым. Анын кинолорун көрүп ар бир кыймылын үйрөнүп чыктым. Сүрөттөрүн да чогултуп үйгө сактап койгом", — деди тестиер.

Юный спортсмен из Оша, фанат Жан-Клод Ван Дамма Мухаммед Али Хасанакунов
© Фото / Хайотбек Хасанакунов
Мухаммед Али мүмкүнчүлүк болсо Ван Даммдын өзү менен жолугууну кыялданат

Учурда ал "Лучше всех" программасына баргандарды кыялындагы адамдар менен жолуктурат экен го, мен да барып калсам Ван Даммды чакырып беришеби" деп атасынын жанын койбой жүргөн кези экен.

Спортчунун атасынын айтымында, айылдыктар 20-30дан чогулуп алып, кээде үйүнө келген конокторун атайын ээрчитип келип "Али Ван Даммдын" өнөрүн көрүп кетишет.

2297
Белгилер:
Кара-Суу району, Ван Дамм, Мухаммед Али, машыгуу, спортчу
Тема боюнча
Россиянын 1-каналына кыргызстандык бөбөк Брюс Линин ыкмаларын көрсөтүп берди. Видео
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
Азия чемпионаты: кыргызстандык балбандардын атаандашын көтөрүп чапкан ирмемдери
Казакстандын Кайрат футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов

Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун "баасы" бир миллион еврого чыкты

28
(жаңыланган 12:43 01.12.2021)
Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты. Ал эми Кыргызстанда эң кымбат оюнчу болду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты оюнчулардын баасын аныктаган германиялык Transfermarkt басылмасы кечээ жазды.

Муну менен Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты.

"Кайрат" менен ал быйылкы сезондо Казакстандын кубогу мелдешин утту. Өлкө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми өткөн жылы Казакстандын чемпиону болгон.

Кыргыз футболчусу буга чейин эки ирет Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" жарышында жеңүүчү болгон.

Ал казакстандык команданын сабында ойноп, Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Европа лигасы мелдешинде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу.

Гүлжигиттин мыкты дриблинги, чапчаңдыгы, коргоочуларды буйтап өткөн өзгөчө сапаттары үчүн казакстандык күйөрмандар ага "Кыргызстандык Месси" деп ат коюп алышкан.

Гүлжигит Алыкулов казакстандык командага 2020-жылдын январында бир жылдык келишим менен беларустук "Неман" клубунан өткөн. Кийин оюнчу менен команда 2023-жылга чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага чейин ал Бишкектин "Алга", Түркиянын "Анталиспор" клубдарында ойногон.

Футболдук карьерасын ал 2017-жылы Бишкектин "Дордой" клубунда баштап, эки жылдан кийин "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамына татыган.

Жарым коргоочу Алыкулов учурда Кыргызстанда эң кымбат футболчу. Экинчи сапта курама команданын капитаны, Россиянын "Енисей" клубунун коргоочусу Валерий Кичин турат. Анын наркы 800 миң еврого бааланууда.

28
Белгилер:
Гүлжигит Алыкулов, футболчу, Казакстан, ФК Кайрат, трансфер, баа
Тема боюнча
Роналду командасына кыйкырып, ыйлап жиберди. Архивдик видео
Бердымухамедовдун вице-премьерлер менен футбол ойногон видеосу
Жиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер машыгуу учурунда

Бишкекте алгачкы ирет жиу-житсу күрөшүнөн кадеттердин чемпионаты өтөт