Макешов: чет өлкөдө журналисттер мыкты камсыздалат, бизде тыңыраак фотоаппарат да жок

Жазылуу
Спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө карата Журналист Гүлдана Талантбекова кыргыз спорт журналистикасынын сап башы Кабыл Макешов менен маек курду

56 жаштагы Кабыл Макешов спорт журналистикасына кошкон салымы үчүн "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин тагынган.  Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган.

— Кабыл мырза, бул суроо канчалык кадыресе болбосун, бардыгына кызык экендиги маалым. Эмне себептен журналистиканын спорт тармагын чагылдырууну тандап алгансыз?

— Адегенде айылдык мектепте, андан соң  жогорку классты Нарын шаарындагы Токтогул мектебинде окудум. Шаардык балдар айылдык деп намысыма тийгенде, ичимден "мен силерге кандай болушту көрсөтөм" деп жүрчүмүн. Спортто активдүүлүгүмдү көрсөтүп, эркин күрөшкө, лыжа менен чуркоо, жеңил атлетика менен машыгып, республикалык мелдештерге катыштым. Спортто жүрүп, спортту жаза баштадым. Алгачкы макалам 1976-жылы "Нарын правдасы" гезитине жарыяланган. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн аяктап,  Кыргыз телерадио комитетинин балдар жана жаштар редакциясында редакторлуктан спорт бөлүмүнүн башчылыгына чейин беш жыл эмгектендим. Кыргыз журналистикасындагы улуу агаларым журналистика океан сыяктуу, ары-бери сүзөсүң, бара-бара өзүңдүн темаңды таап адис болушуң керек деген кеңештерин беришчү.  Башка улуттун өкүлдөрү спортту жаза албайсыңар, түшүнбөйсүңөр деп намыска тийгенде биротоло спорт журналистикасына аралаштым. Кыргызстандын тарыхында 1992-жылы "Байге" спорттук гезитип уюштуруп, башкы редактор болуп иштедим. Менин демилгем менен 1995-жылы cпорт журналистикасынын федерациясы уюшулуп, Эл аралык спорт журналисттеринин бирикмесине (AIPS) мүчө болдум. 

© предоставлено Кабылом МакешовымКабыл Макешов: менин демилгем менен 1995-жылы cпорт журналистикасынын федерациясы уюшулуп, Эл аралык спорт журналисттеринин бирикмесине (AIPS) мүчө болдум
Спортивный корреспондент радио Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Кабыл Макешов: менин демилгем менен 1995-жылы cпорт журналистикасынын федерациясы уюшулуп, Эл аралык спорт журналисттеринин бирикмесине (AIPS) мүчө болдум

— Учурда ар бир маалымдоо каражатында кеминде бирден спорттук журналисттер бар. Алардын спортту чагылдыруу чеберчилигине кандай баа бересиз?

2008-жылы Бээжинде (Пекин) өткөрүлгөн дүйнөлүк олимпиада оюндарында күмүш медаль женген Канатбек Бегалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Канатбек Бегалиев: жылдыз оорусуна кабылып, спортту унутуп койгонума өкүнөм
— Спортту түшүнгөн, анализ кыла билген, көйгөйлөрүн чагылдырган, дүйнөлүк тажырыйбаларын ачып берген адис болсо жакшы болмок. Куш кабар же репортаж даярдай коюп, өзүн спорт журналисти сезгендер көп. Спорт абдан кенен, арымы кенен түшүнүк. Анын олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук түрлөрү бар. Ошол себептен баарын билгенге үлгүрүп, чагылдыруу мүмкүн эмес. Тек гана футболду же күрөштү чагылдырган жаштар бар. Мен бардык спорттун түрүн чагам деп айта албайм. Эркин күрөш, грем-рим күрөшү, оор атлетика, бокс, дзюдо өңдүү тармагын жакшы билем. Спорт журналисттеринин кемчилиги спортту үстүртөн эле чагылдырып берип жатышкандыгында. Бизде чет өлкөгө салыштырмалуу спорттук журналисттерин даярдаган атайын факультет, адистик жок. Кээде окуу жайларында спорт журналистикасына кызыккан балдарга акысыз лекция окуп, багыт берип жүрөм.

— Буга чейинки маектериңизден  9 жолу олимпиада оюндарын чагылдырууга барган деп окудум эле. Жумуштун оорчулугу эмнеде?

— Дүйнө жүзү боюнча жайкы олимпиада оюндарын чагылдырууга 25 миң, кышкы олимпиадага 15 миң журналист барат. Ал жакта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзүнчө айылы куралат. Кайсы бир өлкөгө барып, маалымат берүү үчүн атайын уруксат алышат. Кыргызстанга Эл аралык олимпиада комитети бир гана журналистке квота берген. Чагылдыруунун акысын журналист өзү же ал иштеген компания төлөшү керек. Каражаттын жоктугунан көп журналист бара албай жүрөт. Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат. 6 жайкы, 3 кышкы олимпиада оюндарын чагылдырып, чыгымдарын өзүм төлөп, айрым учурда демөөрчүлөрдөн жардам алып келем. Акыркы Рио Олимпиадасына барганда мамлекеттик спорт агенттиги каржылап берди. Себеби, убактылуу басма сөз катчысы катары жардам бердим.

© Sputnik / Жоомарт УраимовДүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган - Sputnik Кыргызстан
1/6
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган
© Sputnik / Жоомарт УраимовСпорттук, олимпиадалык белгилерди, марка, медалдарды чогултат
Спорттук, олимпиадалык белгилерди, марка, медалдарды чогултат - Sputnik Кыргызстан
2/6
Спорттук, олимпиадалык белгилерди, марка, медалдарды чогултат
© Russia Today Жоомарт УраимовАр бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт.
Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт. - Sputnik Кыргызстан
3/6
Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовБир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат.
Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат. - Sputnik Кыргызстан
4/6
Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовСпорт журналистикасына кошкон салымы үчүн "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин тагынган.
Спорт журналистикасына кошкон салымы үчүн Дене тарбия жана спорттун мыктысы төш белгисин тагынган. - Sputnik Кыргызстан
5/6
Спорт журналистикасына кошкон салымы үчүн "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин тагынган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовДүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган - Sputnik Кыргызстан
6/6
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган
1/6
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган
2/6
Спорттук, олимпиадалык белгилерди, марка, медалдарды чогултат
3/6
Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт.
4/6
Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат.
5/6
Спорт журналистикасына кошкон салымы үчүн "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин тагынган.
6/6
Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган

— Олимпиада оюндарын чагылдырганга баргандан кийин башкаларга да маалымат бөлүшөсүз. Сиздердин маалыматтарды биздин кесиптештер туура эле чагылдырып жатыштыбы?

— Туура бергендер дагы, ошол эле учурда мен берген маалыматка шилтеме кылбай эле өздөрү даярдап койгондой чагылдырып жаткандар да болду. Мурун "Азаттык"  менен "Би-Би-Си" маалымат каражаттарына жеринен түз алып берчүмүн. Негизи андай жерлерге телерадио журналисттери сөзсүз керек. Чет өлкөлүк журналисттер атайын команда, техникалык жабдуулар менен барышат. Менде тыңыраак фотоаппарат да жок. Спортко болгон мамиле өлкө жетекчилеринен да көз каранды өңдөнөт.

— Спортчулар тууралуу эмне деп айта аласыз?

— Мага таарынышпасын, бирок, спортчулар интеллектуалдык деңгээлди өстүрүш керек. Көбү китеп окушпайт. Билимдүү адам кай жерде болбосун өзүнө ишеним артып, эмне кылышты билет. Спортчуларыбыздын көбү беттештен кийин дене-башты кантип калыбына келтир керектигин билбейт, анан оорукчан болуп калышат. Бизде спортчуларды советтик ыкма менен машыктырып келишет.

Участница Олимпиады-2016, борец Айсулуу Тыныбекова - Sputnik Кыргызстан
Биз билип-билбеген Айсулуу Тыныбекова. Спортчу кыз тууралуу кызыктуу 10 факты
Спорттук медицина кызматкерлери, психологдор да жетишсиз. Эл аралык талаптарга ылайык стадион, спорт комплекстери куруп, аларга шарт түзүп берсек дурус болмок.

Машыктыруучулардын деңгээли да эл аралык талаптарга жооп бербейт. Мисалы, кызытма дарылардын миңдей түрүнө тыюу салынган. Анын баарын билиш керек. Дүйнөлүк спортто англис тилин өздөштүрүү маанилүү.

Илгери Советтер союзунун спорттук командалары машыгууларын көлгө келип өткөрчү. Көлдөгүдөй жаратылыштын ыңгайы Мексикада гана бар экен. Керек болсо космонавттар ден соолугун калыбына келтириш үчүн Ысык-Көлгө келишчү. Казак спортчусу Эрмахан Ибраев интервьюсунда Олимпиада чемпиону болушума Ысык-Көлдүн таасири болду деп айтканы бар. Колдо турган мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатабыз. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовКабыл Макешов: Элүүгө чыкканда той бербей беш жылдай материал чогултуп, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу толук түстүү китеп чыгардым
Спортивный журналист Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Кабыл Макешов: Элүүгө чыкканда той бербей беш жылдай материал чогултуп, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу толук түстүү китеп чыгардым

— Жумушуңуз канчалык түйшүктүү болбосун, артыкчылыгы да болсо керек. Спорттун аркасы менен эл-жерди тааныйсың дегендей?

— Кыргызга сөз тийгизбейин деп адеп, намыс менен жүрөм. Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт. Биринчи атың үчүн иштешиң керек экен. Турин кышкы олимпиадасында казактар өздөрүнүнүн спорттук энциклопедиясын белек кылышты. Федерация жетекчилерине бул идея менен кайрылганымда эч ким жардам берген жок. Элүүгө чыкканда той бербей беш жылдай материал чогултуп, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу толук түстүү китеп чыгардым. Арасында мен кирбей калыпмын дегендер болду. Кайра маалымат чогултуп экинчи басылышын чыгардым. 2014-жылы англис жана кыргыз тилдеринде "Азия Олимпиадалык кеңеши: Азия оюндарынын тарыхы" аттуу толук түстүү китебим жарык көрдү. Бул нерсени 45 мамлекет жасай электе кылдым. Баш-аягы алты китеп чыгарып, 60 миң доллар акча сарптадым. 

© Фото / из семейного архива Кабыла МакешоваКабыл Макешов: Кичүү уулум борбордогу Улуттук компьютердик гимназиянын 8-классында окуйт. Менин жолумду кенже уулум жолдой турганына ишенем.
Спортивный журналист Кабыл Макешов - Sputnik Кыргызстан
Кабыл Макешов: Кичүү уулум борбордогу Улуттук компьютердик гимназиянын 8-классында окуйт. Менин жолумду кенже уулум жолдой турганына ишенем.

—Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Учурда Ишки иштер министрлигине караштуу  "Бетме-бет" гезитинде иштейм. Жакында эле "Абакир — азыркынын Кошойу" деген китебим жарык көрдү. Дзюдо спортунун тарыхы боюнча китеп жазып бүттүм. Эркин күрөш тууралуу да эмгек жараткам. Эми буларды көрүп алып, Тогуз коргоол федерациясы дагы китеп жазып бер деп жатышат. Аркаңда калган китеп эле болот экен.

Кикбоксер из Кыргызстана Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык “Нео” Сеулдагы мелдеште атаандашын жыга чапты. Кармаштын видеосу
Менин ишимди ар тараптан колдогон үй-бүлөм тууралуу айта кетсем. Жолдошум Динара Карыбаева кесиби журналист, жумушумду түшүнүү менен карайт. Улуу балам Жоомарт медициналык академияны аяктап, Чүй облусттук ооруканада жана жеке клиникада невролог-дарыгер болуп иштейт. Кызым Жанар аутизм боюнча эл аралык уюмда психолог-мугалим болуп эмгектенет. Кичүү уулум борбордогу Улуттук компьютердик гимназиянын 8-классында окуйт. Менин жолумду кенже уулум жолдой турганына ишенем.

Жаңылыктар түрмөгү
0