UFC: Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин машыккан видеосу жарыяланды

© Фото / пресс-служба федерации тайского бокса КРКыргызстанская тайбоксер Валентина Шевченко
Кыргызстанская тайбоксер Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Реванштык таймаш 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттешүү алдындагы машыгуусунун видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Реванштык таймаш 8-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Анда кэки мушкер UFC 213 мелдешинин алкагында беттешет.

Былтыркы жылдын март айында Нуньес менен Шевченко UFC 196 мелдешинде рингге чыгып, утушка бразилиялык спортчу жеткен.

Аманда Нуньес ачык машыгууда партерде иштөөсүн көрсөтсө, Валентина Шевченко соккулары мыкты экенин дагы бир ирет ачыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0