Шевченко vs Нуньес. Мушташ алдындагы желкеден чыгып кете жаздаган көз караштар

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөндөгү дуэлде реваншка жулкунуп турган кыздар аз жерден мушташып кете жаздады

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандык Валентина Шевченко менен бразилиялык Аманда Нуньес ишембиден жекшембиге караган түнү беттешет.

 

Публикация от Ellein Shevchenko (@ellein_shevchenko) Июл 7 2017 в 3:06 PDT

 

UFC 213 турниринин алкагында болгон расмий кездешүү Лас-Вегаста өттү. Ишембинин түнүндө алар салмак ченеп таразага түшөт.

Кыргызстандык тай боксчу Валентина Шевченко беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шевченко менен Нуньестин беттешүү алдындагы проморолиги жарыяланды
Кыргызстандык жана бразилиялык спортчу кыздардын ортосундагы болгон чемпиондук титул үчүн беттешүү ишембиден жекшембиге караган түнү болот. Алдыдагы кездешүү турнирдин маанилүү окуяларынын биринен болмокчу.

Былтыркы жылдын март айында Нуньес менен Шевченко UFC 196 мелдешинде рингге чыгып, утушка бразилиялык спортчу жеткен.

Нуньес мындан кийин чемпиондукту Миша Тейттен утуп алып, андан соң Ронда Роузи менен беттешип беш мүнөттөн кийин ага да жеңилүү ызасын тарттырган.

"Ок" деген каймана ат менен белгилүү болгон Валентина Шевченко да буга чейин эки таймаш өткөрүп, экс-чемпион Холли Холмду, андан соң Жулианна Пеньяны чөгөлөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0