Балбан Каныбек Жолчубеков Польшадагы эл аралык турнирде коло медаль тагынды

© Фото / официальный сайт Объединенного мира борьбыКыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Каныбек Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Варшавадагы эл аралык турнирге кыргызстандык 16 спортчу катышуууда.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызсандык балбан Каныбек Жолчубеков Польшадагы эл аралык турнирде коло медалдуу болду. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынан билдиришти.

"Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open" аталышындагы эл аралык турнир 7-июлда башталган. Мелдештин биринчи күнүндө Каныбек Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча ат салышып үчүнчү орунга татыды.

Кыргызстандык калган катышуучулар бүгүн күч сынашууда, ал эми кыздар арасындагы беттештер 9-июлда башталат.

Варшава шаарындагы эл аралык турнирге кыргызстандык 16 спортчу катышуууда. Алардын төртөө кыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0