Сүйүнчү! Дарья Маслова Азия чемпионатында дагы бир алтын утту

© © SputnikКыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслованын архивдик сүрөтү
Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Азия биринчилигинде дагы бир алтын тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын билдиришти.

Олимпиада 2016. Вольная борьба. Женщины. Весовая категория до 58кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирде экинчи болду. Беттештин видеосу
9-июлда Индиянын Бхубанешвар шаарындагы өтүп жаткан Азия биринчилигинде кыз-келиндер 10 чакырым аралыкка чуркаган. Анда кыргызстандык Дарья Маслова индиялык жана япониялык төрт жөө күлүктү артка калтырып марага биринчи келди.

Мекендешибиз бул аралыкты 32 мүнөт 21,21 секундада чуркап өткөн.

Андан сырткары, ошол эле күнү эркектер арасында 10 чакырымда күч сынашкан Адилет Кыштакбеков марага үчүнчү келип, коло медаль тагынды.

Мелдеш Индиянын Бхубанешвар шаарында өтүүдө.

Эске сала кетсек, 7-июль күнү аталган чемпионатта Дарья Маслова 5 чакырымда чуркап алтын медалга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0