Улуттук ат оюндары. Архив

Алай районунда ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт

174
(жаңыланган 11:56 17.07.2017)
Иш-чарада улак тартыш, кыз куумай, эр эңиш, топоз эңиш жана топоз жарыш өңдү оюндар болот.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Алай районунда ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Абдилла Ташбеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Маалыматка ылайык, фестиваль 22-июль күнү Алай районунун Сары-Могол айылынында өткөрүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара бийик тоолуу аймакка туристтерди тартуу максатында пландалган.

"Фестиваль Алай жерине туристтерди тартуу үчүн жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү көргөзүү максатында уюштурулуп жатат. Анда улак тартыш, кыз куумай, эр эңиш, топоз эңиш жана топоз жарыш болот", — деди Ташбеков.

Андан сырткары аркан тартыш, кол күрөш өңдү бир каттар улуттук оюндар дагы пландалган.

174
Белгилер:
улуттук ат оюндары, туризм, Кыргызстан
Тема боюнча
Июлдун соңунда "Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт
Борбор калаада футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо оюндары болот
UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс. Архив

UFC уюмунун эң мыкты мушкери Жон Жонс наамынан баш тартууда. Себеп

134
(жаңыланган 15:20 01.06.2020)
Жон Жонс спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн уюмдун башчысынан 30 миллион доллар сураганы айтылууда. Бирок мушкер Дана Уайттын айткандарын төгүндөдү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс орточо оор салмак категориясындагы чемпиондук наамынан баш тартууда. Бул тууралуу америкалык мушкер Twitter баракчасында билдирди.

"Менин категориямда Доминик Рейес менен Ян Блаховичтин ортосунда чемпиондук беттеш уюштургула. Мага алар менен беттешүү эч нерсе деле бербейт. Кийинки жылы мени менен оңой беттеш өткөрөм десеңер кабар берип койгула. Ал убакта гонорар камдалуу болот деп ишенем", — деген Жонс.

Мушкерден бул билдирүү чемпиондук наамдан баш тартып жатканын билдиреби деп сурашканда, ал "ооба" деп жооп берген.

Бир нече убакыттан кийин ал айткандарын тастыктаган пост жазган.

"Жонс кетип жатат! Эгер мени көчөдөн көрүп калсаңар, жөн гана ЖЖ (JJ) деп чакыргыла", — деген ал.

ЖМКлардын жазганына караганда, анын бул чечимине спорттук уюмдун президенти менен урушуп кеткени себеп. Өткөн жумада Жон Жонс менен UFC көзүрү Дана Уайт алдыдагы беттешти уюштуруунун алкагында сүйлөшүп жатып бир пикирге келе албай коюшкан. Анда Жонс дагы бир белгилүү спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн Уайттан эң ири делген 30 миллион доллар сураганы айтылат. Бирок чемпион UFC башчысын калпычы деп атап, уюмдан кетип каларын айтып коркуткан.

134
Белгилер:
кур, чемпион, гонорар, беттешүү, уруш, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Октагон. Архив

100 миллион долларынан ажырап. UFC көзүрү COVID-19дун кесепетин айтты

113
(жаңыланган 16:06 31.05.2020)
Беделдүү уюмдун президенти учурда спорттук компанияларда каржы маселеси жаралып жатканын айткан. Вируска байланыштуу эл турнирге топтолуп келе албагандыктан, билеттер сатылбай жатат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) коронавирус пандемиясынын кесепетинен 100 миллион доллардан ашык каражаттан кол жууйт. Бул тууралуу MMA Fighting басылмасы жазды.

Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы (UFC) Дана Уайт Лас-Вегастагы UFC on ESPN 9 турниринен кийин журналисттерге маек берген.

"Азыр спорттун бардык түрүндө билеттерден акча түшпөй, кыйналып жатышат. Быйыл биз 100 миллион доллар каражатты жоготобуз, балким андан да көп", — деген ал.

Уайт эпидемиянын фонундагы каржылык каатчылыкта дагы UFC уюму турнирлерин уюштуруунун жолун таап жатканын кошумчалаган.

Буга чейин ESPN телеканалы маалымдагандай, промоутерлик компания коронавирусту текшерүүнү күчөттү. Эми мушкерлер турнирге аз калганда, отелге жайгашканга чейин жана салмакка түшүү процедурасынан кийин тест тапшырышы керек. Эгер мушкерден COVID-19 аныкталса, уюмдун жетекчилигинин буйругу боюнча команданын мүчөлөрү обочолонот.

50 жаштагы Дана Уайт өзү коронавируска беш жолу тест тапшырганы айтылат.

Уайттын планы боюнча, UFC турнирлеринин баары эми Лас-Вегаста же "Спорттук аралда" өтөт. Ал жакта мушкерлер көрүүчүлөрү жок беттешет.

113
Белгилер:
коронавирус, турнир, Дана Уайт, UFC
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

0
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

0
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу