БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Румыниядагы эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-23-июль күндөрү Бухарест шаарында грек-рим, эркин жана кыздар арасындагы күрөш боюнча Ion Cornianu & Ladislau Simon аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Анда Кыргызстандын атынын эркин күрөш боюнча Эламан Догдурбек уулу, Бактияр Карагул уулу жана Улук Жолдошбековдор катышып, күч сынашат.
Спортчуларды аталган мелдешке катыштыруу үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекция 356 миң бөлдү.