Валентина Шевченконун UFCге карай жолу. Жер сүзгөн мушкер кыздар, канжалаган беттер

© AP Photo / Nam Y. HuhБой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго
Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр ушул күнү, 2016-жылы 24-июлда мекендешибиз Валентина Шевченко АКШлык атаандашы Холли Холмду UFC турниринин алкагында жеңип алган.

WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
WEF жетекчиси Кыдырмышев: бир телефондук чалуу үчүн 20 миң долларга сынгам
29 жаштагы Валентина "Ок" каймана аты менен эрежесиз уруш боюнча белгилүү UFC уюмун дүрбөтүп жаткан убагы. Мындан улам, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчунун ийгилик жолуна көз чаптырууну туура көрдү.

Белгилей кетсек, UFC (Ultimate Fighting Championship) — спорттук мушташтын аралаш түрү боюнча беттешүүлөрдү өткөргөн кадыр-барктуу уюм. Башкы кеңсеси Лас-Вегас шаарында жайгашкан. Учурда ар бир жеке кармашка чыккан спортчунун аруу тилеги дал ушул уюмда кыл чайнашуу.

Беш жашында башталган спорт. Валентина Шевчкенконун апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, эжеси Антонина көрүнүктүү спортчу. Андыктан кыз алма сабагынан алыс түшкөн эмес. Беш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып,  машыктыруучу Павел Федотовдун колунан тарбиялана баштаган.

© Фото / Dani DiamondВалентина Шевчкенконун апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, эжеси Антонина көрүнүктүү спортчу
Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевчкенконун апасы Елена Шевченко таэквондо боюнча кара курдун ээси, эжеси Антонина көрүнүктүү спортчу

Алгачкы мелдештерине алты жашынан тарта чыга баштаган. 12 жашында муай-тай боюнча өзүнөн он жаш улуу спортчу менен алгачкы профессионалдык беттешин Орусияда өткөрүп, жеңишке жеткен. Ошондон тарта машыктыруучусу “Ок” деген каймана ат берген.

2003-жылы. Түштүк Кореяда алгачкы жолу ММА боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңип, ошол эле жылы тай боксу боюнча ИФМА версиясы боюнча Дүйнө биринчилигин утуп алган.

2005-жылы.  Орусиянын Сочи шаарына барып, ал жактан тай боксу, бокс жана ММА менен машыгууну улантып,  4 жолу тай боксу боюнча Дүйнө чемпиондугун багынткан. 

© федерация тайского бокса КРБеш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунан тарбиялана баштаган
Сестры Шевченко вышли в финал Королевского кубка по муай-тай в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Беш жашынан тарта "Фучик" сейил багындагы таэквондо секциясына барып, машыктыруучу Павел Федотовдун колунан тарбиялана баштаган

2015-жыл. UFCге ачылган жол. Тажрыйба алмаштыруу максатында Латын Америкадагы Перу шаарына көчүп кеткен. Балиде эс алууда жүргөндө менеджери Роджер Аллен UFC уюмунун мелдешине чыгууну сунуштаган. 

Алгачкы тажрыйба. Биринчи ирет уюмдун алкагында Strikeforce чемпиону болгон Сара Кауфманды үч раунддун жыйынтыгында жеңип алган. Бул жеңиштин артынан UFC жетекчиси Дана Уайт аталган уюмда дагы 7 беттеш өткөрүү келишимин сунуштаган.

© REUTERS / Mark J. RebilasВалентина Шевченко былтыр бразилиялык атаандашы Аманда Нуньестен утулуп калган
Валентина Шевченко былтыр бразилиялык атаандашы Аманда Нуньестен утулуп калган - Sputnik Кыргызстан
1/2
Валентина Шевченко былтыр бразилиялык атаандашы Аманда Нуньестен утулуп калган
© AP Photo / Nam Y. HuhТай боксчу Холли Холмду UFC on FOX 20 турниринин алкагында жеңип алган
Тай боксчу Холли Холмду UFC on FOX 20 турниринин алкагында жеңип алган - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тай боксчу Холли Холмду UFC on FOX 20 турниринин алкагында жеңип алган
1/2
Валентина Шевченко былтыр бразилиялык атаандашы Аманда Нуньестен утулуп калган
2/2
Тай боксчу Холли Холмду UFC on FOX 20 турниринин алкагында жеңип алган

Мушкер кыздардын тиреши. Ушуга чейин UFC уюмунда төрт беттеш өткөрүп, үчөөсүндө жеңип, бирөөсүндө утулуп калган. Анда бразилиялык Аманда Нуньеске жеңилсе, тайбоксчу Холли Холмду, венесуэлалык Жулианна Пеньяны жер сүздүргөн. Холли Холмду утуп алгандан кийин Шевченко Аманда Нуньести реваншка чакырган. Бирок, 2017-жылы 8-июлда кармашка саналуу сааттар калганда Нуньестин ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн. Эми спортчу кыздардын кыл чайнашы 9-сентябрда болушу күтүлүүдө

© Фото / Jeff SainlarСпортчу кыз эжеси Антонина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен
Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Спортчу кыз эжеси Антонина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов менен

Учурда — UFC жылдызы. Валентина Шевченко тай боксу жана К-1 версиясы боюнча Дүйнөнүн 17 жолку чемпиону, тай боксу боюнча аялдар арасында Дүйнөнүн мыкты спортчусу наамынын ээси. UFC уюмунун 62 килограммга чейинки салмак категориясынын рейтингинде 1-орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0