Талант Дүйшөбаевдин уулу гандбол чемпионатында Испанияны жеңишке сүйрөп чыкты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с микроблога Twitter канала IHF. Гандбольная сборная Испании U-21
Снимок с микроблога Twitter канала IHF.  Гандбольная сборная Испании U-21 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк чемпионатта Испаниянын командасы кошумча берилген убакытта атаандашын 39:38 эсебинде утуп алды

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Испаниянын гандбол боюнча курама командасы жаштардын U-21 чемпионатында Данияны утуп жеңишке жетти. Бул тууралуу Р-Спорт билдирди.

Белгилей кетсек, аталган командада белгилүү машыктыруучу Талант Дүйшөбаевдин уулу Даниэль Дүйшөбаев ойнойт.

​Негизги убакыт ичинде командалар 38:38 эсебинде тең чыккан. Жеңишке жетүү үчүн Дания командасынын дарбазачысынан бери чабуулга өтүшкөн. Испания командасынын дарбазачысы ыргытылган топту тосуп, аны Даниэль алып атаандашынын дарбазасына ыргыткан. Бул топ ийгиликтүү болуп, испаниялыктар 39:38 эсебинде алдыга чыккан.

​Коло байгеге Франциянын курама командасы татыды. Ал Германияны 23:22 эсебинде утуп алган.

Даниэль Дүйшөбаев — белгилүү машыктыруучу Талант Дүйшөбаевдин уулу. Учурда ал Польшанын "Виве Кальце" клубун машыктырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0