Талас: эл аралык мелдештерден байге алган спортчулар сыйланды

© Фото / пресс-служба полпредства в Таласской областиНаграждени спортсменов в Таласе
Награждени спортсменов в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Керимберди уулу Нуртазим Таиландда өткөн кадеттер арасындагы күрөштө алтын алган

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү май айынан бери эл аралык мелдештерге катышып, ийгилик жараткан 22 спортчуга "Ардак грамота", "Ыраазычылык кат" жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

"Ийгилик жараткандардын арасында Керимберди уулу Нуртазим бар. Ал Таиландда өткөн кадеттер арасындагы күрөштө алтын алган. Андан сырткары, Казакстанда болгон мелдеште алты спортчу ийгилик жаратты", — деп өкүлчүлүктөн маалымдашты.

Спортчулардын ар бир жараткан ийгиликтери жаш муундун туура жолго түшүүсүндө, патриоттуулукка тарбиялануусунда негизги ролду ойнору маалыматта баса белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0