Динге катуу берилген Неймар. Футболчу тууралуу 10 факты

© AFP / PATRIK STOLLARZБразильский форвард Барселоны Неймар да Силва Сантос
Бразильский форвард Барселоны Неймар да Силва Сантос - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ "Барсага" баш-оту менен берилген таанышымды көрүп калдым. Неймардын "ПСЖга" өткөнүнө кейип-кепчип алыптыр. Аялым таштап кеткендей эле болду, түнү менен түшүмө кирип чыкты дейт.

Эх, "Барсачылар", кайгырбагыла! Жашоо улана берет. Футбол жаатындагы кызыктар али алдыда.

Андыктан, ичиңерди ачыштырбай, белгилүү футбол жылдызы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган кызыктуу фактыларды окуп, ага ийгилик каалагыла. 

© AP Photo / Emilio MorenattiФутбольный матч "Реал Мадрид" — "Барселона". Эль классико в испанской лиге
Футбольный матч Реал Мадрид — Барселона. Эль классико в испанской лиге - Sputnik Кыргызстан
Футбольный матч "Реал Мадрид" — "Барселона". Эль классико в испанской лиге

1. Дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан бразилиялык футболчуну күйөрмандары Неймар деген ат менен тааныйт. Бирок анын толук ысымы — Неймар да Сильва Сантос кенжеси. "Кенже" деп айтылганынын себеби, анын атасы дал ушундай ысымды алып жүрөт.

2. Дүйнөдөгү эң кымбат футболчуну 2010-жылкы дүйнө чемпионатында Бразиялиянын курама командасынын запастагы оюнчуларынын катарына дагы албай коюшкан. Кийин Пеле, Ромарио сыяктуу футбол лөктөрү Неймарды чемпионатка алуу керек деп башкы машыктыруучуну араң көндүрүшкөн. Атургай күйөрмандар 14 миң добуш топтогон.

Thanks @jucalderari…. 🐶❤️

Публикация от Nj 🇧🇷 👻 neymarjr (@neymarjr) Июн 28 2017 в 5:56 PDT

3. Неймар айтылуу Time журналынын биринчи бетине чыккан алгачкы бразилиялык футболчу. Кызыгы легендарлуу Пеле менен Роналдо дагы америкалык журналисттердин көңүлүн мынчалык бура алган эмес.

4. Неймар динге катуу берилген адам. Жумасына жок эле дегенде бир жолу чиркөөгө барып турат.

5. 2011-жылы аны футбол калысы Сандро Мейра Риччи сотко берген. Буга футболчунун Twitter баракчасында "Риччи ууру" деген маанидеги посту себеп болгон. Кайсы бир мелдеште Неймардын Риччиге туура эмес чечим чыгарды деп нааразы болгону бар. Кийин спортчу анын аккаунтун башка бирөөлөр ачып алганын айтып соттон эптеп кутулган.

6. Неймар 19 жашында ата болгон. Давид Лукка аттуу уулунун энеси Каролина Дантос 17 жашында көз жарган.

7. Неймар Nike, Sony, Red Bull, AmBev, Santander, Unilever, Volkswagen бренддеринин жүзү.

8. Футболчунун ырчылык өнөрү дагы бар. 2016-жылдын сентябрь айында өзүнүн биринчи ырын жаздырып, социалдык тармактарга жүктөгөн.

Never ending love ❤️

Публикация от Nj 🇧🇷 👻 neymarjr (@neymarjr) Июн 12 2017 в 9:54 PDT

9. Спортчу 2013-жылы "Жашоого болгон сүйүү" деп аталган сериалда эпизоддук роль жараткан.

10. Атасы Неймар да Силва Сантос жөнүндө сөз болгондо дүйнөнүн көпчүлүк ЖМКлары анын сараңдыгына басым жасашат. Кесиби боюнча сатуучу баласынын карьерасын дагы өз жумушуна айландырып алгандай. Себеби футболчунун артынан "Барса" менен "Реал" түшкөндө, атасы уулун кадимкидей соодалаганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0